Гей-Люссак мыйзамы – реакцияга кирген буу же газ абалындагы заттар көлөмдөрү өз ара жана реакциянын натыйжасында пайда болгон газ абалындагы продуктулар көлөмдөрүнө анча чоң эмес бүтүн сандар катарында катышат. Мисалы, 1) суу пайда болгондо 2 г суутек 22,4 л көлөмдү, ал эми 16 г кычкылтек 11,2 л көлөмдү ээлеп, алардын көлөмдөрүнүн катышы 2:1 барабар. Пайда болгон суу буусунун саны 18 г же 22,4 л барабар. 2) суутек хлоиди пайда болгондо 1 г суутек ( 11,2 л) 35,46 г хлор менен (11,2 л) кошулат да, алардын көлөмдөрүнүн катышы 1:1 болуп, пайда болгон HCL массасы 36,46 г барабар болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү