Гельмгольц энергиясы – Лежандра энергетикалык түрдө туюнтуудагы фундаменталдуу теңдемесин кайта өзгөртүүнүн натыйжасы катары алынган термодинамикалык потенциал:

F=U-TS (1),

мында U - ички энергия, S - энтропия, Т - термодинамикалык темп-ра. Термодинамикалык потенциал аныктамасы б-ча Г. э. физ. өзгөрүлмөлөрү: темп-ра, көлөм жана система компоненттеринин молдук сандары мүнөздүү функциясы болуп эсептелет, ал эми (2) теңдемеси фундаменталдуу болуп саналат, башкача айтканда берилген система ж-дө бардык термодинамикалык маалыматтар камтыйт. Теңдештик изотермиялык процессте Г. э. азайышы система жасаган максималдуу жумушка барабар. Г. э. азыркы мааниси, термодинамикалык потенциалдын статистикалык термодинамика методу менен эсептөөлөрдө колдонулушу. Г. э. Дж же Дж/моль (молдук Г. э.) менен өлчөнөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү