Гемангиома (гр. haima — кан, аngeion — тамыр жанa... ота — шишик) — кан тамырлардын зыянсыз шишиги.

Түйүлдүк кан тамырларынын тубаса көптүгүнөн, о. эле тукум куучулук жанa гормондук факторлордун таасиринен пайда болот. Ал аялдарда, жаш балдарда көп кездешет.

Гемангиома көбүнчө тери кыртышында болуп, андан ары былжыр челдерге өтөт, орган жана ткандардын функциясын бузат. Кээде булчуң, тарамыш, сөөк ткандарына жанa ички органдарга (көбүнчө боорго) да задал келтирет. Ар кандай чоңдукта, өңү мала Кызыл же кара көк болот. Гемангиоманы дарылоодо салицил спирта ж. б. хим. заттар сыйпоо, хирургиялык же термиялык жолдор колдонулат.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.