Гемигилея - (геми... жана гр. helē токой), чала гилея Түндүк жана Түштүк жарым шарлардын субтропиктик, бир аз тропиктик жана мелүүн алкактарда өскөн нымдуу, дайыма жашыл жана (кыйла жогорку кеңдиктердеги) жайында жашыл аралаш токой. Токой астында кызыл-коңур, сары жана кызыл топурактар өөрчүйт. Гилея сыяктуу эле дарактарынын бийиктиги (4555 м), көп ярустуулугу, түнт, чытырман токою, түргө байлыгы, лианалардын, дарак сымал папоротниктердин жана гүлдүү эпифиттердин көптүгү менен өзгөчөлөнөт. Бамбук бадалдары, гигрофиль өсүмдүктүү саздар көп кездешет. Дайыма нымдуу океандык климаттык шартта өсөт; жаан-чачындын жылдык өлчөмү бардык жеринде 1000 ммден, айрым жерлеринде 5000 ммден ашык; абанын температурасы сутка ичинде жана сезон боюнча бир аз гана өзгөрөт. Гемигилея АКШнын түшбатышындагы, Бразилия бөксөтоосунун түштүгүндөгү, Африканын түштүк-чыгышындагы, Жаңы Зеландиядагы жана башка айрым жерлердеги тоолордун айдарым капталдарын ээлейт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү