Гемоглобиноз — кызыл кан денечелерде (эритроциттерде) бир же бир нече патологиялык гемоглобиндин болушу.

Гемоглобиндин бузулушуна байланыштуу тукум куума оорулардын өзгөчө тобун түзөт. Мында гемоглобиндин өтө көп кемчилиги байкалат. Гемоглобиноз айрым географиялык райондордун (Африка, Жер Ортолук деңиз жээги, Түштүк-Чыгыш Азия, Тынч океандын аралдары) элдеринде кезигет. Мында балдардын эритроциттери тез бузулат. Чоң жана кичине талассемия болуп айырмаланат. Чоң талассемиянын белгилери даана байкалат. Мындай оорулууда аз кандуулук күчөп, боор жана көк боор абдан чоңоёт, тери саргарып, сөөктүн түзүлүшү бузулат, бала өтө начар өсөт.

Гемоглобиноздун бул түрүн дарылоо өтө татаал жана дайыма врачтын көзөмөлүндө жүргүзүлөт. Фоли кычкылдыгынын дарылары жана В12 витамини берилет, кан куюлат, кээде көк боору алынып салынат. Бул оору кезиккен географиялык аймакта алдын алуунун мааниси чоң. Себеби ата-энеси экөө тең бул оору менен ооруса, тукумунда гемоглобиноздун өтө оор калыпы пайда болушу мүмкүн, ошондуктан теги жакын кишилер баш кошууга болбойт, никелешүүдөн мурда медициналык генетикалык консультациядан кеңеш алган оң.



Колдонулган адабияттарОңдоо

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8