Гендердик режим – аял менен эркектин ортосундагы формалдуу жана формалдуу эмес ыйгарым укуктар менен аныкталуучу социалдык өзара мамилелер тутуму.

Түшүнүктү талкуулоо түзөтүү

Гендердик режим социалдык түзүлүш теориясынын өңүтүнөн байкалган гендердик мамилелерге байланыштуу концепция. Гендердик режим концепциясын 1987-жылы австралиялык социолог окумуштуу Рейвин Коннел киргизип, бүгүнкү күнү коомдогу ар кандай көрүнүштөрдү сүрөттөөдө кеңири колдонулуп келүүдө. Бул концепция жашоонун бардык чөйрөлөрүндө кездешүүчү эркек менен аялдын ортосундагы мамилелердин механизмдерин түшүндүрүп, төрт социалдык түзүлүштү бөлүп көрсөтөт. Сунуштап жаткан теориясында Коннел эмгектин бөлүштүрүлүшү, бийлик түзүлүшү, катексис түзүлүшү менен символикалык репрезентация түзүшү сыяктуу төрт социалдык түзүлүштүн өзара аракеттешүүсү ар кандай институттардагы, мисалы, үй-бүлөдөгү, мамлекеттеги жана башка мекемедеги гендердик режимдин курамдык бөлүктөрү боло тургандыгын түшүндүрүп берет.

Үй-бүлө институту Коннелдин теориясындагы негизги багыттардын бири болуп эсептелет. Коннелдин айтымында, так үй-бүлөнүн ичиндеги "мамилелер көпкө созулбай убакыт жактан чектелген, солгун, ошондой эле экономиканын, эмоциялардын, бийликтин жана каршылыктын айкалышында анчейин тыгыз болбойт"[1]. Үй-бүлөнүн гендердик режими жөнүндө сөз кылганда, ал учурда мамлекетте орноп турган гендердик режимдин таасири менен шартталып, бирок коомдо өкүм сүргөн жалпы режимден жер-жерлерде айырмаланышы мүмкүн экендигин белгилеп өтүү керек. Алсак, патриархат өкүм сүрүп турганына карабастан, аялда бийлик көбүрөөк болсо, эркек кишинин үй-бүлөнүн башчысы катары бедели сакталып кала берет.

Эркек менен аялдын коомдогу жана үй-бүлөдөгү өзара мамилелеринин тартибин чагылдыруу менен, гендердик режим учурдагы гендердик теңсиздик көйгөйүнүн себеби болуп, кийинчерээк үй-бүлөлүк зомбулукту, аталардын кайдыгерлигин жана аялдардын экономикалык жактан көзкарандылыгын шартташы мүмкүн. Гендердик режимдин курамдык бөлүгү катарындагы эмгектин бөлүштүрүлүшү тууралуу кеп кылганда, азыркы учурдагы үй чарбасында эмгек "салттуу" принцип боюнча бөлүштүрүлө тургандыгын белгилеп өтүү керек. Тактап айтканда, акы төлөнбөй турган үй жумушун аялдар жасаса, акы төлөнүүчү коомдук жумушту эркектер жасайт. Үй-бүлөдө ким чечим кабыл алса, бийлик ошонун колунда болот эмеспи, бирок күч колдонуп, моралдык жактан үстөмдүк кылуу да үй-бүлөдөгү өкүмчүл мамилелердин бөлүгү деп эсептелет. Эмгектин бөлүштүрүлүшү, бийлик жана сексуалдык-эмоционалдык жакындык (катексис) такай өз ара аракеттешүүдө болуп, ушул курамдык бөлүктөрдүн ар биринин таасири астында мамилелер өзгөрүүгө учурап турат. Ошол эле маалда, ушул курамдык бөлүктөр өзара келишпей, бири-бирине карама-каршы келген учурлар да болот.

Гендердик режим концепциясы совет бийлиги кулагандан кийинки мезгилдеги гендердик мамилелерди сүрөттөөдө төмөнкү россиялык изилдөөчүлөрдүн илимий иштеринде кеңири колдонулуп келет: А. Темкина, Е. Здравомыслова, О. Здравомыслова, Ж. Чернова, Т. Лыткина, И. Тартаковская. Изилдөөчүлөрдүн көз-карашы боюнча, совет бийлигинен кийинки коомдогу гендердик режим советтик гендердик тартиптин уландысы. Ал мезгилде гендердик мамилелерди мамлекет калыптандырып, көзөмөлдөгөн.

Кыргызстандагы гендердик режим түзөтүү

Советтер Союзунун колдоосу менен, аялдардын билими менен жөндөмдөрү монополизацияланган б.а. анын биологиялык миссиясы, ошондой продуктивдик жана репродуктивдик күчүнөн улам ал эркектен көзкарандысыз болуп, ал эми эркектин статусу алсырап солгундаган. Ошентип эмгектин бөлүштүрүлүшү өкүмчүл мамилелердин келип чыгышына түрткү болуп, үй-бүлөдө аял үстөмдүк кылып, эркек киши өз үй-чарбасынан четтеп калган. Каржы каражаттарынын жетишсиздигинен жана киреше булагынын жоктугунан улам, абал ого бетер оорлошкон. Адатта, эмгектин салттуу түрдө бөлүштүрүлүшүндө, балдарды тарбиялоо милдети көбүнчө аялдарга жүктөлүп, балдар атасы менен апасы аркылуу сүйлөшүшөт. Эркек киши балдарынан алыстап, аларды тарбиялоодо такыр эле катышпай калат.

Советтик мезгилдин гендердик режими мурунку советтик республикаларда, алардын катарында Кыргызстанда азыркы учурда деле байкалат. Кыргыз элинде гендердик режим патриархаттык тартипке негизделип, бир катар карама-каршылыктар жана терс көрүнүштөр менен коштолот. Жакында Кыргызстандын дубандарында жүргүзүлгөн изилдөө иштерине ылайык, гендердик режимдин бир кыйла таасын мүнөздөмөсүнүн бири үй-бүлө мүчөлөрүнүн ортосунда баарлашуунун (катексис) бузулуп, функционалдык максатта гана колдонулуп калгандыгында. Эмгектин салттуу бөлүштүрүлүшүндө жана патриархаттык өкүмчүл мамилелерде эркек киши же улуулар үстөмдүк кылышып, аялдар болсо кайнене статусуна ээ болушканда гана бийлик кылуу укугун алышат. Эркек киши чындыгында эле үй-бүлөнүн башчысы болуп же ошондой түр көрсөтүү менен, өзүнүн абалынын курмандыгы болуп калат. Эркек патриархаттык башчы болгондуктан, ал үй-бүлө мүчөлөрүнө кез-кезде күч колдонуп же моралдык зомбулук көрсөтүп коёт, ал эми коом эркектин мындай кылыгына кадыресе көрүнүштөй мамиле жасайт. Эркек киши акча таппай үйдө отурганына карабастан, ал баары бир үй-бүлөнүн башчысы деген статуска ээ болуп, үй-бүлө мүчөлөрүнө күч колдонуп, моралдык жактап кысым көрсөтө берет. Мындай абалда акча таппай үйдө отурган эркек үй-чарбасын жүргүзүүдөн жана балдарды тарбиялоо процессинен четтеп калса, жумуш иштеген эркек үйдөгү иштерге аралашпай, балдарды тарбиялоодо катышпаса да, өзүнүн жоктугун акча таап келгендиги менен билдирбейт. Демек, жумушсуз үйдө отурган эркек абалды ого бетер кыйындатат.

Учурдагы патриархаттык гендердик режим муундан муунга өтүп, аялдардын экономикалык жана социалдык жактан алсыз болгондугунун негизги себептеринин бири десек болот. Патриархаттык коомдогу аялдын орду бала төрөп, үй оокаты менен алпурушуу менен чектелип, экономикалык жана социалдык турмушка аралаша албайт. Ал эми мындай коомдо эркек колунан эч нерсе келбесе да, үй-бүлө мүчөлөрүн кыңк эттирбей башкарып, үй-чарбасын толугу менен көзөмөлдөшү керек. Тилекке каршы, бүгүнкү күнү да Кыргызстанда аялдардын жөндөмдөрү менен таланттары ачылбай, колдонулбай келет. Окумуштуулардын айтымында, бул көйгөй кыргыз элинин аң-сезиминде жана менталитетинде укукмдан-тукумга өтүп, бекем орун алып калган социалдык-маданий жана адеп-ахлак мамилелери менен мүнөздөлөт.


Эскертмелер түзөтүү

  1. Аялдарды басмырлоону жоюу боюнча комитет. Кыргызстандын төртүнчү мезгилдик отчету боюнча эскертүүлөр (CEDAW /C/KGZ /4) CEDAW /C/KGZ/ Q/4, Комитеттин алтымышынчы сессиясында бекитилген (16-февраль - 6-март, 2015-ж.). №12 сунуш.

Колдонулган маалымат булактарынын тизмеси түзөтүү

  • 1. Джанакова Н., Асангулова Ж. Анализ результатов социологического исследования на тему: «Изменение гендерных отношений в Кыргызстане», 2007 [Электронная версия]. – Маалымат алуу мүмкүнчүлүгүнүн режими:

http://www.gender.cawaterinfo.net/publications/pdf/gender_analysis_kyrg.pdf(жеткиликсиз шилтеме)

  • 2. Здравомыслова, О. На пути к разнообразию семейных моделей. Экономический вклад супругов и семейная власть, 1999 [Электронная версия]. – Маалымат алуу мүмкүнчүлүгүнүн режими: http://rss.archives..../00001110/01/116.pdf(жеткиликсиз шилтеме)
  • 3. Здравомыслова Е., Темкина, А. Кризис маскулинности в поздне советском дискурсе, 2001 [Электронная версия]. – Маалымат алуу мүмкүнчүлүгүнүн режими:

http://www.owl.ru/win/books/articles/tz_m.htm

  • 4. Темкина, А., Здравомыслова, Е. Государственное конструирование гендера в советском обществе // Журнал исследований социальной политики. – 2002. – Т.1 (№ 3-4) [Электрондук версия]. – Маалымат алуу мүмкүнчүлүгүнүн режими:

http://accion-positiva.ucoz.es/_ld/0/27_zdravomyslova_t.pdf(жеткиликсиз шилтеме)

  • 5. Лыткина, Т. Экономическая адаптация домохозяйств в условиях социальной и гендерной трансформации, 2001. [Электрондук версия]. – Маалымат алуу мүмкүнчүлүгүнүн режими:www.komisc.ru/ecosoc/puteco.doc
  • 6. Case Synthesis Report for research “Innovation and Development through Transformation of Gender Norms in Agriculture and Natural Resource Management”.2015. Bioversity – Malaysia & PIL Research Company
  • 7. Connell, Robert. 1987. Gender and Power. Society, the Person and Sexual Politics. Cambridge: Polity Press, 1987. – P.91-141.
  • 8. Connell, Raywen. 2006. “Glass Ceilings or Gendered Institutions? Mapping the Gender Regimes of Public Sector Worksites”. Public Administration Review. http://www.library.eiu.edu/ersvdocs/4369.pdf(жеткиликсиз шилтеме)
  • 9. Gender Scoping Study Report “Bai Alai Small Business and Income Creation in Alai and Chon Alai”. 2015. Helvetas Swiss Inter cooperation Kyrgyzstan & PIL Research Company.