Гендердин дрейфи, автоматикалык процесстер - кокустук таасирлердин аракетинен популяциянын муундарында гендердин жыштыгынын өзгөрүшү, анын эреже катары популяциянын тукум куугуч өзгөргүчтүгүнүн төмөндөшүнө алып келиши. Г. д. табигый кырсыктардын (өрт күйүү, суу каптоо жана башка), эпизоотиялардын жүрүшүнүн натыйжасында, популяциянын саны кескин түрдө азайган учурда ачык-айкын байкалат. Популяциянын генетикалык структурасынын динамикасына Г. д-нин тийгизген таасиринин мүнөздүү өзгөчөлүгү, гомозиготалуулуктун көбөйүшү, аз сандуу популяцияда теги жакын организмдердин аргындашуу жыштыгынын өсүшү жана гендердин жыштыгынын кокустук чайпалуусунун натыйжасында, кээ бир аллердердин сакталуусу жүрсө, кээ бир аллелдердин жоголуусу жүрөт. Кээ бир гомозиготалык формалар чөйрөнүн жаңы шартына жакшы ыңгайланган болот. Мындай формалар тандоо менен сакталып, популяциянын санынын өсүшү менен кеңири таралат. Г. д. теориясы амер. генетик С. Райт, орус генетиктери Д. Д. Ромашев жана Н. П. Дубинин тарабынан иштелип чыккан. Д. Д. Ромашев менен Н. П. Дубинин Г. д-н, гендердин жыштыгынын кокустук чайпалуусун, генетико - автоматикалык процесстер деп атаган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү