Генералдык секретарь (БУУ)

Генеральный секретарь (ООНдун) — Вириккен улуттар уюмунун (ООНдун) башкы админ, кызмат адамы.

ООНдун Секретариатын башкарат ж-a анын ишине жетекчплик кылат. Коопсуздук Советиннн сунушу боюнча ООНдун Генеральный Ассамблеясы 5 жылга дайындайт (бул мөөнөт бүткөндөн кийин кайра шайланышы да мүмкүн).

ООНдун енералдык секретары Ген. Ассамблеянын Коопсуздук Советинин, Экон. ж-a социалдык Советипип, Опека б-ча Советинин бардык заседаниелерине катышат ж-a ал органдар өзүнө тапшырган башка функцияларды аткарат;

Ген. Ассамблеяга ООНдун иши ж-до жылдык отчёт бе­рет; эл аралык тынчтыкты ж-a коопсуздукту сактоого коркунуч келтирет деп ойлогон ар кандай абалды Кооп­суздук Советине билдирүүгө укуктуу. ООНдун енералдык секретары ж-a Секретариат кызматкерлери өз милдеттерпн аткарууда кандайдыр бир өкмөттөн же бийликтен көрсөтмө суроого же алууга тийиш змее. ООНдун алдында гана жооптуу эл аралык кызматтагы адамдар катарында алар өзүлөрүнүн кыз­мат абалына таасир тийгизер ар кан­дай аракеттен четте туруута милдеттүү. ООНдун Уставы ООНго мүчө мамлекеттерди енералдык секретардын милдеттеринип эл аралык мүнөздө экенин урматтоого, өз милдеттерин аткаруу убагында ага таасир этүү үчүн аракеттенбөөгө милдеттендирет.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.