Генетикалык метод (грек. genesis – пайда болуу, жаралуу) – жаратылыш жана коомдук көрүнүштөрдү алардын өнүгүүсүн талдоонун негизинде изилдөөнүн жолу.

17-кылымдан биологияда эволюциялык теориянын, космогонияда Кант-Лапласттын гипотезасынын, геологияда Лейлдин теориясынын, математикада дифференциалдык эсептөөнүн орун алуусунун натыйжасында пайда болгон өнүгүүнүн идеясы.

Генетикалык метод аксиомалык методду негиздөөчү метод катары азыркы математика менен логика кирет. Генетика өнүгүүнүн баштапкы шарттарын; негизги этаптарын; өнүгүүнүн багытын, тенденциясын тактоону талап кылат. Мындай изилдөөнүн негизги максаты – бул каралып жаткан кубулуштардын убакыттагы байланышын аныктоо жана төмөнкү формалардан жогорку формаларга өтүүсүн изилдөө. Бирок, Генетикалык метод татаал өнүгүү процессин ар тараптан талдоого мүмкүнчүлүгү болгондуктан, учурдагы илимде бирден-бир, абсолюттук метод катары эмес, башка методдор (структуралык-функционалдык анализ, системалык анализ, салыштырмалуу-тарыхый метод ж. б.) менен бирдиктүү колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү