Гениалдуулук – адамдын чыгармачылык жөндөмдүүлүгүнүн, ишмердүүлүгүнүн эң жогорку баскычы.

Гениалдуулук термини адамдын чыгармачылыкка жөндөмдүүлүгүн жана ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын баалоодо колдонулат. Тигил же бул тармакта натыйжалуу ишмердүүлүккө тубаса жөндөмдүүлүгү бар гениалдуу адам, таланттуулуктан айырмаланып, жөн эле шыктуулуктун жогорку баскычы болбостон, жаңы сапаттагы чыгармаларды жаратуу жана чыгармачылыктын мурун болуп көрбөгөн жолдорун ачуу менен байланыштырышат.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8