Генотип жана фенотипорганизмдин тукум куума түзүлүшү, анын бардык гендеринин, башкача айтканда клетканын хромосомаларындагы жана плазмалык түзүлүшүндөгү гендердин жыйындысы.

фенотип : Donax variabilis.

Генотип жана фенотип терминин 1909-ж. Дания биологу В. Йогансен сунуш кылган. Генотип укумдан тукумга берилүүчү тукум куума маалыматты алып жүрөт. Генотип бир-бири менен байланышта болгон гендердин бирдиктүү тутуму, ар бир гендин касиеттери генотип чөйрөсүнө көз каранды.

Мисалы: буурчактын гүлдөрүнүн кызыл түсү генотипте эки башка гендин доминанттуу аллелдеринин экөө тең катышкандыгынан келип чыгат. Бул аллелдердин бирөө катышса гүлдөр ак түстүү болот.

Организмдин жеке өөрчүшүндө калыптанган бардык белгилеринин (ички жана сырткы) жана касиеттеринин жыйындысы фенотип деп аталат. Ал организмдин тышкы жана ички чөйрө шарты менен генотиптин өз ара аракетинин натыйжасында келип чыгат.

Фенотип кең мааниде — генотиптин бардык белгисин (организмдин жалпы турпаты), тар мааниде белгилүү ген менен башкарылуучу айрым белгилерди көрсөтөт. Фенотип түшүнүгү гендердин алгачкы продуктулары — РНК молекуласы менен полипептидден баштап организмдин сырткы түзүлүшү, физиологиялык жараяндар, жүрүм-турум жана башка бардык белгилерине чейин камтыйт. Фенотип чөйрөнүн ар кандай жергиликтүү шартына байланыштуу бирдей тукум куугуч касиетин сактоо менен сырткы кебетесин, өңүн ошол шартка ылайыктуу өзгөртөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8