Геологиялык свита - бир аймактын чегинде белгилүү физикалык жана геогр. шартта пайда болгон чөкмө, жанар тоо жана метаморфизм тоо тектеринин, алардын составынын бирдейлиги ж-а окшоштугуна карай бириктирилген катмарлар; жерг. стратиграфиялык бөлүнүштөрдүн негизги бирдиги.

Геологиялык свита көлөмү боюнча геология­лык ярустун (кылым) бир бөлүгүнөн геологиялык системага (мезгилге) че­йинки аралыкты камтыйт. Бир нече Геологиялык свита биригип, геологиялык серияны түзөт ж-а ал төмөнкү, ортоңку, жогорку деп аталган свитачага бөлүннот. Геологиялык свита алгачкы бөлүнгөн жердин геогр. аты менен аталат (мис., Жетим тоо свитасы).



Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.