Метаморфизм (грекче metamjrphjomai – өзгөрөм), тоо тектердин метаморфизми – жер кыртышынын тереңдигиндеги температура, басым, флюиддердин (жеңил учуп кетүүчү компоненттер) таасиринен тоо тектердин түзүлүшүнүн, текстурасынын, минералдык жана химиялык курамынын олуттуу өзгөрүү процесси. Терминди илимге англиялык геолог Ч. Лайель 1883-жылы киргизген. Метаморфизм процессинде тоо тектер балкып эрибей эле кристаллдык түзүлүштө өзгөрүүгө дуушар болот. Жер бетинде болуучу ныкталып тапталуулар, камдашып биригүүлөр, диагенез процесси, талкалануу кубулуштары метаморфизм процессине кирбейт. Метаморфизм процессин пайда кылуучу факторлорго өтө жогорку температура, туш тараптан кысуучу күчтүү басым жана магманын курамындагы флюиддер кирет. Фациялар пайда болот. Фация метаморфизмделген тоо тектерди изилдөөдө жана топторго бөлүүдө негизги ролду ойнойт. Көпчүлүк учурда метаморфизм процессинен тоо тектеринин химиялык курамы өзгөрбөйт (изохимиялык метаморфизм), кээде бир аз өзгөрүүгө дуушар болот (аллохимиялык метаморфизм) же өтө күчтүү өзгөрүүгө учурайт (метасоматоз). Метаморфизм процесси чоң аймакты кучагына алса, региондук метаморфизм, ал эми интрузиялардын чет тарабындагы ичке тилкелерде жүрсө, контакт метаморфизми деп аталат. Жер кыртышынын өнүгүү тарыхындагы тектоникалык циклдин ичинде бир нече метаморфизм процесси болот. Алар өз ичинен гранит магмасы пайда болгон мезгилге жараша гранитке чейинки, гранит менен бирге жүрүүчү метаморфизм деп ажыратылат. Мындан тышкары тоо тектердин деформацияга учуроо мезгилине карай статикалык (деформация боло элек учурда) жана синкинематикалык (деформация менен бирге) түрлөргө бөлүнөт. Булардын физикалык-химиялык, геологиялык шарттары түрдүүчө болот. Температура менен басымдын көтөрүлүшүнөн келип чыккан өзгөрүүлөр прогрессивдүү, төмөн түшкөндөгүсү регрессивдүү метаморфизм деп аталат. Метаморфизм процессинен филлиттер, кристаллдуу сланецтер, жашыл түстүү актинолит-хлориттүү сланецтер, амфиболиттер, эклогиттер, кварциттер, мраморлор, роговиктер ж. б. пайда болот. Метаморфизм процессинен ар кандай кен байлыктар келип чыгат. Алар метаморфоген кендери деп аталат. Адабияттар: Елисеев Н. А. Метаморфизм. 2-е издание. М., 1963.

Гнейс.

Колдонулган адабияттар түзөтүү