Геологиялык формация (лат. formatio — түзүлүш) — жер картышындагы белгилүү бир чөйрөдө тектоникалык жанa климаттык шарттар менен тыгыз байланышта пайда болгон тоо тектердин, кен байлыктардын, түрлүү минералдьш түзүлүштөрдүн табигаттагы жыйындысы (тобу).

«Формация» деген терминди геологияга 1761-ж. немец окумуштуусу Г. X. Фюксель киргизген. Ал формацияга жер кыртышындагы белгилүү бир доордо бирдей шартта, бирине бири удаалаш пайда болгон жана өз ара тыгыз байланыштагы тоо тек катмарларынын комплекси деген аныктама берген. Кийин француз Г. С. Доломье, немец А. Гумбольдт ж. б. формацияны жерг. стратиграфиялык шкаланын бөлүнүшү (свита, серия яг. б.) катары пайдаланышкан. Эл аралык геологиялык конгресстин 2-сессия­сында (1881) аны стратиграфиялык терминологиядан жана номенклатурадан чыгарылсын деген чечим кабыл алынган. «Формация» термини ошондон кийин теги боюнча бирдей, бирок жашы ар түрлүү тоо тектер комплексине колдонула баштаган. Бирок кээ бир чет өлкөлөрдө азыр да анын абалкы аныктамасы сакталып келе жатат.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.