Геометрикалык түзүү - ар кан­дай аспаптын жардамы менен геом. фигураларды түзүү. Геометрикалык түзүүдө белгилүү бир шартты канааттандыруучу фигу­раларды (түз сызыктар, п-бурчтуктар, айланалар ж. б.) түзүү маселелери каралат. Мында түзүү аспаптары алдын ала белгилүү болот. Булар классикалык аспаптар циркуль жана сызгыч же чектелген түзүүчү аспап­тар (тик бурчтуктун моделиндеги сызгыч, четтери параллель болгон сызгыч ж. б.). Геометрикалык түзүү тегиздикте да, мейкиндикте да түзүүнүн постулаттарына таянат.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.