Геоморлор (гр. ge — жер жанa mei-romai —- өз энчимди аламын) — Байыркы Грециядагы жер ээлери (майда, орто жанa ири).

Афиныдагы Геоморлор — дыйкандар, эркин калктын үч тобунун (евпатриддер жанa демиургдар менен катар) бири. Тесей падышанын учурунда (болжол менен б. з. ч. 13-к.) чыккан. Геоморлор бара-бара жер участкаларыяап ажырап, жакырданышкан. Архонт Солондун реформалары (б. з. ч. 6-к.) Г. чарбасыыын кебүн калыбына келтирген, кийин Геоморлор шаардык демос м-н кошо афинылык кул ээлик демократиянын таянычына айланган. Ал эми Сиракуздагы жанa Самос аймагындагы Геоморлор— аристократтар, ири жер ээлери.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.