Георгина, далия (Dahlia) – өсүмдүктөрдүн татаал гүлдүүлөр тукумундагы көп жылдык чөптөр уруусу. Анын 15ке жакын жапайы түрү белгилүү. Георгинанын сабагы көңдөй, борпоң, бийиктиги 35-200 см; жалбырагы канаттай же үчилтик канаттай, тамыры түймөк, себетче топгүлү жөнөкөй, тармал, чала тармал; формасы, чоңдугу, түсү боюнча айырмаланат. Мексикада, Гватемалада, Түштүк жана Борбордук Америкада өсөт. Европада 18-кылымдан эгиле баштаган. Эгилме Георгинанын 8 миңден ашык сорту бар. Георгина калемчеси, уругу жана тамырынан өсүп чыгат. Күрдүү жана нымдуу топуракта жакшы өсөт. Өтө чоң гүл алыш үчүн 3 гана бутагы калтырылат, калган бутактары алынып ташталат. Кыргызстанда кооздук үчүн гүлзар, парк ж. б. жерлерде өстүрүлөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү