Геотермика, геотермия (гео...жана гр. therme — жылуулук) — Жер физикасы илиминин бөлүгү; жердин ички жылуулук абалын жанa жылуу­лук тарыхын изилдейт.

Күн нурунун жылуулугу жер кыртышынын үстүнкү катмарына гана өтөт. Бирок улам тереңдеген сайын температуpa закон ченемдүү көбөйөт (ар бир 100 м ге температура +3° ка чоңоёт). Бул Жер ичинде жылуулук булагы бар экенин айгинелейт.

Түрдүү байкоолор боюнча Жердин борборунун темп-расы 2000— 5000°Сден ашпайт. Улам ылдыйлаган сайын температуpa көтөрүлүп, ошол себептүү Жердин терең катмарларынан өйдө багытталган жылуулук агымы пайда болот. Ал агымдын көлөмү температуpaнын градиенти менен тоо тектеринин жылуулук өткөргүчтүгүнө түз пропорциялаш болуп, жылына жер бетинин ар бир см2 де 30—60 кал жы­луулук топтолот.

Бул Жердин Күндөн алган жылуулугунан 4 миң эсе аз. Ошондуктан Жер ичинен келген жылуулук климатка таасир этпейт. Жердин жылуулугун ченөө үчүн сымап жана электр термометрлери колдонулуп, алар скважинанын ичине коюлат. Too тектеринин жылуулук өгкөргүчтүгү өтө эле аз, ошон үчүн Жер ичиндеги жылуулукту энергия булагы кылып пайдалануу кыйынга турат.

Геотермикалык изилдөөлөрдүн Жер илимдеринин теориялык маселелерин чечүүдө чоң мааниси бар (мис., тектоникалык гипотезаларды түзүүдө жана баамдоодо).


Колдонулган адабияттар

түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.