Геофизика обсерваториясы

Геофизика обсерваториясы - геофизиканын айрым маселелери боюнча илимий изилдөөлөр жүргүзүүчү мекеме.

Геофизика обсерваториясы тоо-кен өнөр жайынын магниттик, метеорол. маалыматтар менен камсыз кылуу максатында 1-жолу Свердловск (1836) жана Тбилиси (1837) шаарларында уюштурулган. Геофизика обсерваториясы 1884-ж. Иркутскиде, 1912-ж. Владивостокто түзүлдү. 1849-ж. Петербургда Башкы физ. обсерватория ачылып, ал геофиз. изилдөөлөр менен катар өлкөдөгү обсерваториялар менен метеорологиялык станцияларды илимий-методикалык жактан жетектеди.

Совет бийлиги жылдары Геофизика обсерваториясы Киев, Ташкен, Алматы, Куйбышев ж. б. шаарларда уюштурулган. Геофизика обсерваториясы метеорологиялык, аэрологиялык д. у. с. байкоолор жүргүзөт.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.