ИркутскРоссиядагы шаар (1686-жылдан). Иркутск облусунун административдик борбору. Иркут дарыясынын куймасы Ангара дарыясынын чатына жакын жайгашкан. Ангара дарыясындагы пристань. Калкы 606,3 миң (2024). Транссибирь магистралындагы темир жол тоому. Эл аралык аэропорту бар.

Иркутск (2005).

Шаардын пайда болушуна орус кыштагынын, андан соң Иркутск чыңдоосунун (1661-69; анда согуш жана аң уулоочу куралдар сакталып, Байкал боюндагы тургундарга ар түрдүү товарлар сатылып турган) курулушу түрткү болгон. Кийинчерээк Чыгыш Сибирдин аскер-административдик борбору, 1686-ж. шаар статусун алган. Учурда Иркутск Чыгыш Сибирдин ири экономикалык, илимий жана маданий борбору. Шаардын чегинде (Ангарада) Иркутск ГЭСи курулган. Оор машина, станок жана авиакуруу (андан ичкери аскер самолёттору СУ-30, ЯК-130, көп функциялуу самолёть-амфибия Бе-200 экспорттолот), электртехникалык жана башкалар өнөр жай ишканалары, слюда иштетүүчү фабрикасы иштейт. Россия ИАнын Сибирь бөлүмүнүн филиалы, 9 ЖОЖ (андан ичкери университет), китепканалар (андан ичкери азиздер үчүн), 4 театр, филармония, цирк, мекен таануу, сүрөт музейлери, мемориалдык комплекс («Декабристтер Иркутскиде») бар. Спасс чиркөөсү (1706-10), коңгуроолуу мунара (1758-62), Богоявленск собору (1718-31), Знаменск монастыры (1689) жана башкалар сакталган. Жыл сайын эл аралык (андан ичкери «Жылдыздар Байкалда», 2004; «Декабристтер кечтери», 1985) жана фольклор фестивалдары, ошондой эле «Байкалтур» эл аралык турист көргөзмөсү (1006), эки жылда бир Бүткүл россиялык театр фестивалы (1997) өткөрүлүп турат.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү