Гербициддер (лат. hеrbа чөп жана саеdо өлтүрөм) – керексиз өсүмдүктү жок кылууда колдонулуучу химиялык заттар. Өсүмдүккө тийгизген таасирине карата тандалма жана жалпы Гербициддерге бөлүнөт. Жалпы Гербициддер өсүмдүктүн бардык түрүнө таасир этип, өнөр-ай имаратынын тегерегиндеги, аэродромдо, темир жана автожолдордун жээгин ар кандай чөптөрдөн тазалоо үчүн колдонулат. Ал эми тандалма Гербициддер көбүнчө отоо чөптөргө каршы чачылат. Гербициддер концентрациясына, пайдалануу шартына ж. б. жараша таасир эткендиктен, мындай бөлүү шарттуу болуп эсептелет. Мисалы, монурон жана диурон 1 гага 12 кг дозада гозонун бир жылдык отоо чөптөрүн, ал эми андан чоң дозада өсүмдүктү бүт жок кылат. Тандалма Гербициддер өсүмдүктүн айрым гана түрлөрү, жалпы таасирдүү Гербициддер өсүмдүктүн бардык түрүн кууратат. Гербициддердин тандалма таасири алардын химиялык курамына, препараттын өлчөмүнө, чачуу ыкмасына, өсүмдүктүн өсүү фазасына жараша болот. Жалпы жана тандалма таасир этүүчү Гербициддер өсүмдүктө жылып жүрүүсүнө жараша тийме жана системалуу болуп айырмаланат. Тийме Гербициддер (нитрафен, реглон ж. б.) өсүмдүктүн кайсы жерине (жалбырак, сабак, тамыр) чачылса, ошол бөлүгүн гана, системалуу Гербициддер өсүмдүктүн орган, ткандарында жылып, анын башка бөлүгүн да жабыркатат. Көбү системалуу Гербициддер (керб, фюзилад, которан, вензар ж. б.). Гербициддердин 1000ден ашык түрү белгилүү. Алар эритмелер, сууда эрүүчү күкүм, концент. эмульсия түрүндө чыгарылат. Натрий пентахлорфеноляты, ДНОК жана нитрафенден башка бардык Гербициддер киши жана жаныбарлар үчүн анча уулуу эмес. Гербициддер чачуу өлчөмү айдоодогу отоо чөптөргө, а. ч. өсүмдүгүнүн сортуна, топуракклиматтык шартка жана агротехникалык ыкмаларга жараша такталат. Кыргызстанда Гербициддер 20-кылымдын 60-жылдарынын башынан колдонулат. Көп жылдык отоочөптөргө каршы күрөшүүдө (буудайык, камыш, чырмоок, ажырык ж. б.) талаага күзүндө эгин оруп-жыйылгандан кийин 1 га аянтка 10 кг (600-800 л суудагы эритинди) раундап (нитосорг, глифосат ж. б.) чачылат. Андан кийин талаа механикалык жол менен иштетилбөөгө тийиш.

глифосат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4
  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.