Германия социалисттик бирдиктүү партиясы

Германия социалисттик бирдиктүү партиясы (ГСБП) Гер­мания компартиясы (ГКП) менен Германия социал-демократ партиясынын рев-ячыл марксизм платформасында биригүүсүнүн натыйжасында 1946-жылы апрелде түзүлгөн.

Анын Берлинде 1946-ж. 21—22-апрелде өткөн бириктирүүчү съезди «ГСБПнин принциптери жана максаттары» деген программалык до­кумент кабыл алган. Анда партиянып негизги максаты Германияда социа­лизм куруу экенин белгилеген, пар­тиялык Уставы кабыл алынып, Борб. башкармасы шайланган.

ГСБП Гер­мания жумушчу табынын жалпы улуттук партиясы катары түзүлгөн. Бирок Батыш Германиядагы ончул социал-демократтар м-н бүтүмгө келип алышкан импер. державалардьш оккупациялык бийликтери өз зоналарында ГСБПнин иштөөсүнө тыюу салган. Чыгыш зонада ГСБПнин жетекчилиги менен согуштан кийинки жылдардын алгачкы мезгилинде демокр. жер реформасын жүргүзүү аяктады; ишканалары элдин менчигине берилди; мамл. өзүн өзү башкаруунун демокр. органдары иштей баштады.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.