Герхана полиметалл кени Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда, Чаткал кырка тоосунун түштүк капталында, Герхана суусунун алабында. Кен 1936-ж. табылып, 1947-ж. баа берүү жумуштары жүргүзүлгөн. Кен аймагын антиклиналдык бүктөлүүнүн оң канатындагы акиташ жана кумдуктан турган чөкмө тоотек катмарлары түзөт. Руда тоотектерди кесип өткөн тектоникалык жаракаларда топтолгон. Узундугу 4 кмге чейин, калыңдыгы ар кандай. Руда тулкулары катмар арасында катмарча, катмар кошулган жерде линза, уя түрүндө жолугат. Рудага бай зона жарака кесип өткөн катмар аралыктарында топтолгон. Кен 60 м тереңдикке чейин изилденген. Руданын минералдык курамы: галенит, сфалерит, пирит, халькопирит, гематит, өңү өчкөн рудалар, марказит ж. б. Гидротермден пайда болгон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү