Гетерогаметалуу жыныс, гетерогаметалуулук - жыныс хромосомалары менен айрмаланган, эки сорттогу гаметасы бар жыныс. Сүт эмүүчүлөрдө , сойлоочуларда, балыктарда, ошондой эле көпчүлүк омурткасыз жаныбарларда Г. ж. эркек жыныска таандык. Сперамтозоиддердин жарымы Х-хромосомалуу, ал эми жарымы У-хромосомалуу болот. Бул организмдердин ургаачыларынын жумуртка клеткаларында дайыма Х-хромосома болот (гомозиготалуу жыныс).

Канаттууларда, кээ бир сойлоочуларда , көпөлөктөрдө Г. ж. ургаачыларына таандык. Аларда жумуртка клетканын бир бөлүгүндө Z- хромосома, экинчисинде W-хромосома болот. Көпчүлүк жогорку өсүмдүктөрдө Г. ж. эркек жынысына таандык.

Колдонулган адабияттар түзөтүү