Гетерохроматин - клеткалык циклдин бардык мезгилинде компактуу (катуу ныкталган) структурадагы хромосоманын бөлүктөрү (райондору), боёкту ургалдуу кабыл алып, микроскоптон жакшы көрүнөт. Хромосоманын Г. райондору генетикалык жактан абдан инерттүү (активдүүлүгү аз) болот. Активдүү ткандардын ядролорунда жана түйүлдүк клеткаларында Г. аз болот. Г. райондору көбүнчө хромосоманын центромера бөлүгүндө орун алган. Г. хромосомдордун синапсисине (бири бирине кыналуусуна), рекомбинациянын жыштыгына таасир этиши мүмкүн.

ошондой эле түзөтүү

Колдонулган адабияттар түзөтүү