Мектеп жашындагы балдар жеткинчек (7ден 12 -13 жашка чейин) жана өспүрүм (13 - 14төн 16-18 жашка чейин) болуп бөлүнөт. Бул мезгилдердин ар бири баланын өсүү өзгөчөлүктөрү менен айырмаланат. Баланын өсүшүнө жыныстык жетилүү мезгилинин, жашоо шартынын, саламаттыгынын жана алган дене тарбиясынын мааниси чоң. Туура түзүлгөн күн тартиби жана спорт менен такай машыгуу баланын дене, күч жагынан жакшы жетилүүсүн камсыз кылат.

Баланын кыймылы, эмгектенүүсү анын таяныч-кыймыл аппаратынын туура өсүшүнө байланыштуу болот. Баланын алы жетерлик жумушту дайыма жасоодо булчуңдарга кан көп келип, булчуң ткандарынын туура өсүп-өнүгүшүнө түрткү берет. Мектепке барган жеткинчектерде көп учурда омуртка тутумунун кыйшайышы байкалат, ал китеп капты дайыма бир колуна көтөрүп жүрүүдөн, кыйшайып басуудан, партада же столдо туура эмес отуруудан болот (к. Келбет). Баланын төшөгүнүн өтө жумшак же түз эместигинен да омурткасы кыйшайышы ыктымал.

Дем алуу органдарын машыктырууда таза абада көнүгүүлөрдү, дем алуу гимнастикаларын жасоо маанилүү. Баланын жүрөк-кан тамыр системасы өтө чыдамкай жана ишкердүүлүгү менен айырмаланат.

Мектеп жана башкалардын кан пайда болуу системасы баланын өсүшүнө жараша өзгөрүп турат. Жашы чоңойгон сайын кандагы эритроциттер жана гемоглобин азаят, лейкоциттер да ушундай өзгөрүүгө дуушар болот (к. Кан, Кан пайда болуу). Баланын организминин күч жана нерв-психикалык жагынан ылдам өсүүсү, маанилүү функцияларды жөнгө салуучу нерв системасынын өнүгүүсү баланын организмин чөйрө менен байланыштырат, балдарды эмгекке үйрөтүүгө мүмкүндүк ачат.

Балдардын зат алмашуусунун өзгөчөлүгү бар. Өнүгүп-өсүп жаткан организм сарптаган энергия үзгүлтүксүз толукталып турушун жана орган менен ткандардын калыптануусуна керектүү заттардын келип туруусун талап кылат. Баланын организми (ач карын 20° температурада) нормалдуу зат алмашууну камсыз кылуу үчүн чоң кишилерге караганда көбүрөөк калория керектейт: баланын 1 кг салмагына 44 ккал. талап кылынса, чоң кишиге 23 ккал. гана керек. Баланын ден соолугун сактоо жана чыңдоодо аны гигиеналык көөнүмдөргө үйрөтүүнүн мааниси чоң. Бала эртең менен, жатарда жуунуп, тишин тазалаганга, эшиктен келгенде, тамактанарда колун жууганга үйрөнүүсү зарыл. Баланын бөлмөсүн күнүгө жууп, андагы буюмдарды ным чүпүрөк менен сүртүп, желдетип, шейшебин тез-тез алмаштырып туруу керек.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8