Гигиеналык көөк – айыз канды чогултуучу буюм. Бул буюм этек кир келгенде, төрөттөн кийин кан кетүүдө, гинекологиялык операцияда жана кындын кан агымын сиңирүү үчүн зарыл болгон учурларда ич кийимде сиңирип алуучу элемент катары пайдаланылат.

Аялдардын «кулаксыз» (солдо) жана «кулактуу» (оңдо) гигиеналык көөктөрү

Этек кир көөктөрү – булар аялдардын гигиеналык каражаттарынын бир түрү, кындын ичине салынуучу тампон жана этек кир чөйчөгүнөн айырмаланып, сырттан кийилет. Көөктү этек кир көп же аз кетип жаткандыгына жараша 2-3 сааттын ичинде бир нече жолу алмаштыруу керек.

Тарыхы түзөтүү

Байыркы доорлордо аялдардын гигиеналык көөктөрү болгон эмес, ошондуктан үңкүрдө жашаган аялдар кээде деңиз сормосун же чөптөрдү колдонушкан. Байыркы кытай аялдары этек кир учурунда канды сиңирүү үчүн узун ак кездемеден жасалган сүлгүнү колдонушкан да, алмаштырганда суу менен жууп турушкан. Байыркы египеттиктер тампон катары папирустун жумшартылган жалбырактарын, ал эми гректер даракты тампон катары орош үчүн зыгыр кездемени пайдаланган.

Он тогузунчу кылымда аялдар «чүпүрөк баштыкчалар» деп аталган нерсени ойлоп табышкан. Алар пахтаны майда чүпүрөктөргө салып, андан кийин чүпүрөктөрдү гигиеналык көөк катары колдонуу үчүн баштыкчаларга салышкан. Ал замандын аялдары кездемеден жасалган баштыкчалардан тышкары, сандары менен кийимдеринин ортосунда «гигиеналык алжапкычтарды» (пахта кездеменин кесиндисине бекитилип, белге оролуучу жарым алжапкыч өлчөмүндөгү желим көөк) кийишкен.

Желим жаздыгы бар бул кездеме конструкция түшүп кетпеши үчүн жамбашка оролгон, аялдар аны илип коюу үчүн төөнөгүч же кыскыч менен кыстарып алышкан.

Бир жолу колдонулуучу гигиеналык көөктөр даярдалганга чейин этек кирдин канын топтош үчүн кездеме же көп жолу уруна турган көөктөр кеңири колдонулуп келген. Аялдар этек кирдин канын чогултуу үчүн ар кандай кездемеден же башка сиңирүүчү материалдардан колдо жасалган көөктөрдү көп колдонушкан. Бир жолу уруна турган көөктөр сатыкка чыккандан кийин да, алар көптөгөн жылдар бою аялдардын басымдуу бөлүгү үчүн өтө кымбат турган.

Алгачкы бир жолу колдонулуучу көөктөр көбүнчө соргуч кездеме менен капталып, пахта же ошого окшош булалуу тик бурчтук формасында болгон. Ич кийимдин астына тагылган атайын курдагы илмекчелерден өтүш үчүн көөктүн учтары алды жана артынан узартылган. Бул конструкция көптөгөн аялдар үчүн ыңгайсыз болгон, анткени ал ордунан алдыга же артка жылып кете берген.

1956-жылы Мэри Кеннер нымдуулук өткөрбөй турган бөлүгү бар жөнгө салынуучу гигиеналык кур үчүн патент алган. Бирок ал ойлоп тапкан нерсеге алгач кызыгуусу арткан компания анын афроамерикалык экендигин билгенден кийин баш тарткан. Ошентсе да идеянын өзү тез эле дүйнөгө жайылып, өзү чапталуучу көөктөр 1970-жылдары пайда болгон.

Сыпатталышы түзөтүү

Гигиеналык көөк – бул аялдар этек кири келгенге ич кийимдерине салып коюучу алакандай сиңирип алма жаздыкчаны билдирет. Гигиеналык көөктүн арткы бетинде желим тилке бар. Ал гигиеналык көөктү ордунда кармап турат. Гигиеналык көөктөр ар кандай өлчөмдө, формада жана калыңдыкта болот.

Түзүлүшү боюнча гигиеналык көөктөрдү үстүңкү катмары, ички катмары, каптал четтери жана арткы желими деп бөлсө болот

Сырткы катмары – бул териге тийип турган бөлүгү, анын материалы жумшак болушу керек. Сырткы бети жана чуңкурчасы этек кирдин канын сиңирип алат. Сырткы катмары көбүнчө полиэтилен менен пахтадан жасалат. Ошондой эле полиэтилен бетинин майда көңдөйлөрү кургактыкты сактап турат, бирок айрым материалдар аллергиялык реакцияны пайда кылышы мүмкүн.

Ички катмар негизинен жогорку молекулалык салмактуу полимерден, пахта жана ар кандай материалдардан турат, алар агып чыккан айызды сиңирүү үчүн колдонулат. Каптал жагы негизинен капталынан агып кетпеши үчүн керек, анткени ал колдонулуп жаткан гигиеналык көөктүн тулкусуна карата белгилүү бир бурч менен турат. Ошондуктан аялдар капталдары жумшак материалдан жасалган көөктөрдү артык көрүшөт.

Гигиеналык көөк катмарлары – гигиеналык көөктөгү этек кирдин канын өткөрбөй кармап туруучу материалдар. 1970-жылдары гигиеналык көөктү ич кийимдин ичине бекитүүнү жеңилдетүүчү жана гигиеналык көөктүн жылышына жол бербеген чаптама гигиеналык көөк иштелип чыккан.

Көөктөрдүн түрлөрү түзөтүү

Көөктөр ар кандай калыңдыкта: өтө жука, жука, калың жана өтө калың болот да, кеткен кандын көлөмүнө жараша колдонулат. Ар кандай өлчөмдөгү көөктөр күндүн ар кайсы убактысына жараша (узунураак жана кененирээги түнкүсүн) пайдаланылат. Узун капталдарынын ортосунда жайгашкан «кулакчалар» көөктүн турсийге бекем жабышып турушун жакшыртат.

Ар бир адамдын муктаждыгына жараша кездемелердин түрлөрү көп. Көбүнчө пахта фланелинен жасалган, көп жолу колдонула турган көөктөр кездешет. Көптөгөн өлкөлөр айлана-чөйрөнү коргоо же ден соолукка байланыштуу ушул түрүн тандап калышты. Аларды ар кандай стилде, кулакчасы бар же кулакчасыз, ар кандай өлчөмдө, турсийлер үчүн көөктөрдөн баштап пижамага чейин табууга болот. Ал тургай төрөттөн кийин колдонулуучу атайын сүлгү да бар.

Адатта бул сүлгүлөрдү бир нече жылга пайдаланса болот жана бул айлана-чөйрөнүн булганышына жол бербейт жана үнөмдүү дагы. Бир жолу колдонулуучу гигиеналык көөктөргө караганда көп жолу колдонулуучу гигиеналык көөктөр кыйла ыңгайлуу, анткени алар кездемеден токулгандыктан, маал-маалы менен аллергиядан жабыр тарткан же грибок инфекциясына чалдыккан аялдар үчүн айрыкча пайдалуу.

Алар бир жолу колдонулуучу заттардын курамындагы химикаттардан жасалбагандыктан, жыты жок болот. Алар айрыкча төрөттөн кийинки мезгилде ыңгайлуу деп эсептелет, вульванын сезгичтиги жогору болуп, акыркы жылдары кеӊири пайдаланыла баштады.

Айыз учурунда кынга салына турган эң коопсуз гигиеналык каражат - этек кир чөйчөгү да бар. Адатта этек кир чөйчөктөрү ийкемдүү медициналык силикондон, латекстен же термопластик изомерден жасалат. Тампондор менен көөктөрдөн айырмаланып, чөйчөктөр этек кирди сиңирбей эле, чогултуп алат. Бир чөйчөктү 10 жылга чейин колдоно берсе болот.

Колдонулушу түзөтүү

Гигиеналык көөктү алардан мурун, колду антибактериялык самын менен жакшылап жууш керек. Этек кир келген маалда аялдын жыныс кынына инфекция кирип кетиши дурус эмес, анткени жатын бул учурда таптакыр коргоосуз болот.

Эң жакшысы, кыздар көөктөрдү колдонуудан мурда душка түшүп же сырткы жыныс органдарын гель жана таза суу менен жууп алышы абзел. Бул теридеги бөлүнүп чыккан нерселерди тазалап, бактериялардын нымдуу чөйрөдө көбөйүшүнө жол бербейт. Эгер жуунушка мүмкүнчүлүк жок болсо, антибактериялык же атайын гигиеналык нымдуу салфетканы колдонсо болот.

Көөктү колго алганда көөктү бойлото жайгашкан жана кагаз тилке менен корголгон жабышкак лентаны байкоого болот. Бул тилкени сыйырып алып, көөктүн ортосу ич кийимдеги атайын ныкталган кийирменин ортосуна дал келгендей кылып, жабышкак лентаны ич кийимге жабыштыруу керек.

Көөк бекем жабышып турушу үчүн лентаны кездемеге ныктап басуу шарт. Бул ажырап же жылышып кетүүдөн, демек, агып кетүүдөн да сактайт.

Эгерде көөктүн атайын «кулакчалары» бар болсо, анда алардан да коргоочу кагазды сыйырып таштап, турсийдин сыртынан бекем кысып жабыштыруу абзел.

Маалымат булактары түзөтүү

  1. https://en.wikipedia.org/wiki/Sanitary_napkin#Types
  2. https://zh.wikipedia.org/zh-cn/%E8%A1%9B%E7%94%9F%E6%A3%89#%E6%A7%8B%E9%80%A0
  3. https://apps.who.int/iris/bitstream/handle/10665/333560/WHO-2019-nCoV-IPC_WASH-2020.4-rus.pdf
  4. https://babyben.ru/zdorove/kak-pravilno-odevat-zhenskie-prokladki-chto-znachit-kaplya-na-prokladke-luchshie-zhenskie-prokladki.html(жеткиликсиз шилтеме)
  5. https://tetatetcentr.ru/article/gigienicheskie-prokladki-sovet-ginekolog(жеткиликсиз шилтеме)