Гидрогеологиялык картa түзүү

Гидрогеологиялык картa түзүү – жер бетиндеги аймактардын гидрогеологиялык картасын түзүү жана жалпы гидрогеологиялык шарттарын аныктоо үчүн талаада жүргүзүлүүчү изилдөөлөрдүн жыйындысы. Гидрогеологиялык карта түзүүдө топографиялык же геологиялык карталарга булактар, кудуктар, бургулоо көзөнөктөрү, саздар, дарыя-суулар, көлмөлөр ж. б-дын карталары, кесиндилери түшүрүлүп, суунун дебити, курамы ж. б. аныкталып, баяндамасы толук жазылат. Керек учурда бургулоо жана геофизикалык иштер да жүргүзүлөт. Гидрогеологиялык карта түзүүнүн негизги максаты суу топтоочу катмарлардын санын, таралышын, жайгашуу шарттарын жана жер астындагы, жер үстүндөгү суулардын химиялык курамын аныктоо. Карталар кичи масштабдагы (1:1 000 0001:500 000), орто масштабдагы (1:200 0001:100 000) жана ири масштабдагы (1:50 000 1:25 000 жана андан да чоң) болуп бөлүнөт. Азыркы учурда Гидрогеологиялык карта түзүү комплекстүү түрдө (геологиялык-геоморфологиялык, инженердик-геологиялык ж. б.) жүргүзүлөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү