Гидротермалык процесстер

Гидротермалык процесстер орг. эмес затты гидротермалык синтездөө, башкача айтканда монокристаллды өстүрүү. Процесс оксиддер силикаттар, сульфиддер жана башка заттардын 500 0С, 10-80 МПа басымда сууда, суу эритмелеринде эрүүсүнө негизделген. Каныккан эритмеден кристаллдык фаза бөлүнүп, толук тазалануу мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Г. п. менен SiO2, силикаттар (СаSiO3, NaN2SiO14), Ge2O3, германаттар, фосфаттар (KNaP4O12, P5O14), сульфиддер (HgS, ZnS, PbS) алынган. Монокристалл алууда автоклав алды жагына майда кристаллдык эмес шихталар, ал эми үстү жагына кристалл өсө турган ачыткычты коюушат. Автоклав алды жагын көбүрөөк жылытып, конвекциянын негизинде жогорку концентрациядагы эритмени үстүнө берүүгө шарт түзсө, ал бара-бара каныккан эритмеге айланып кристаллдар пайда кылат. Эриткич катары NaOH, NH4F, H3PO4 суудагы эритмелери колдонулат. Берилген процесс оптикалык жактан таза 50 кг чейинки монокристаллды алууга мүмкүнчүлүк берет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү