ГиеронСицилиядагы Сиракуз шаарынын бийлөөчүлөрү.

Улуу Гиерон I (так жылы белгисиз — б. з. ч. 467) — Гела шаарынын башкаруучусу (484478), Сиракуз державасынын (478467) туңгуч ирет архонт деген титул алган тираны. 474-ж. Кум шаарынын жанында этрустардын флотун талкалап, Түш. Италиянын шараларын караткан. Анын тушунда Сиракуз державасы күчөгөн. Кичүү Гиерон II (б. з. ч. 306-ж. ченде т.— 215) — Сиракуздун тираны.

268—215-ж. ченде падыша деген титул алган. 265-ж. мамертиндиктер менен күрөштө ийгиликке жетишкен. Биринчи Пуни согушу (264—241) башталганда карфагендиктерди колдосо да, 263-ж. Рим менен тынчтык договорун түзгөн. Экинчи Пуни согушунда (218—201) Рим тарабында болгон. Гиерондордун экөө тең дыйканчылык, кол өнөрчүлүк, аскер техникасынын өнүгүшүнө көмөк көрсөткөн.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.