ГизаМисирдеги шаар. Нил дарыясынын жээгинде, Каирге жакын жайгашкан. Гиза мухафазасынын администрациялык борбору. Калкы 2,1 млн (1992). Жолдор тоому жана ири соода борбору. Тамеки, машина куруу (анын ичинде радиотехникалык) өнөр жай ишканалары иштейт. Туризм өнүккөн. Гизанын түштүк-батышында, Ливия чөлүндө пирамидалар комплекси (фараондор Хеопс, Хефрен, Микериндин жана Чоң сфинкс) сакталган. Пирамидалар жайгашкан аймак Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген.

Гиза.

Байланыштуу макалалар түзөтүү

Колдонулган адабияттар түзөтүү