Пирамида (архитектурада) – пирамида (кээде тепкич-тепкич же мунара сымал) түрүндө курулган монумент курулуш. П. көбүнчө байыркы убактарда салынган. Демейде Байыркы Египеттин фараондорунун күмбөздөрү П. деп аталган (биздин заманга чейин 2800–1700-ж. чамасында). П-лар фараондордун жанда жок улуулугун даңазалоого тийиш болгон. Байыркы Египет П-ларынын ичинен эң ириси – Гизадагы Хеопс П-сы (бийиктиги 146,6 м, биздин заманга чейин XXVIII к.). П. курулуштары мындан башка Борбордук жана Түштүк Америкада да тургузулган. Байыркы Рим менен Европанын искусствосунда П-нын мотивдери мемориал түрүндөгү курулуштарда пайдаланылган.

Пирамида
Хеопс пирамидасы.
Айдын пирамидасы, Теотиуакан

Байланыштуу макалалар түзөтүү

Колдонулган адабияттар түзөтүү