Гильменд, Хильменд – Афганстандагы дарыя (төмөнкү агымы Иранда). Узундугу 1150 км, алабынын аянты 500 миң км2дей (көп бөлүгүн какыраган чөл ээлейт). Гиндукуштан башталып, Дашти-Марго жана Регстан чөлдүү түздүктөрү аркылуу агат да, Cистан туюк ойдуңундагы Хамун көлүнө куят. Башкы куймасы Аргандаб. Орточо чыгымы 400-500 м3/сек, жаз-жай айларында кирет. Cугатка пайдаланылат.

Гильменд.

Колдонулган адабияттар түзөтүү