Гильом де Рубрук (Guillaume de Rubrouck, тагырагы - «Рубруктук Гильом»), фламанддык францискан-монахы, саякатчы, болжол менен 1220-ж. туулуп, 1293-ж. каза болгон. 1253—1255 жж. француз королу Людовик IX тапшырмасы менен монголдордо сапарда болгон, «Чыгыш элдерине саякат» аттуу китептин автору. Адистердин пикиринде анын орто кылымдар доорундагы география илимине кошкон салымы Марко Полонун сиңирген эмгеги менен барабар. Гильом де Рубрук жетинчи крестүүлөр жортуулунда король Людовик IX жандап жүргөн монах болгон. Ийгиликсиз уюштурулган жортуул жана анын жыйынтыктары француз королунун монголдор менен байланыш түзүү тилегин майтарган эмес. Ошондуктан, 1252-ж. француз королу Рубрукту Чыгыш Европага, Алтын Ордо ханы Батуга жөнөтөт. Элчилик максаттарды жашыруун кармап, жүрүштүн максатын миссионердик багыт катары жарыя кылышкан эле. Константинополь (Стамбул) шаарында жазга дейре кармалышып, 1253-ж. император Балдуин II ден жолдомо кат алышып, Кара Деңиз аркылуу Крым жарым аралындагы Судак шаарына, андан ары Волга жээги аркылуу хан Батунун ордосуна бет алышкан болучу. Эки ай сапардан соң, хан Сартактын аскер өргүүсүнө жетишет. Чиркөө кийимдерин кийген, аса көтөргөн, диний ырларды ырдаган монахтарды хан Сартак таң калуу менен кабыл алып, сөзгө келбестен атасы хан батуга жөнөтөт. Арийне, Бату хан француз королунун элчилери менен сүйлөшүүлөрдөн баш тартып, аларды Каракорумдагы улуу каган Мункэге жиберген эле. Ошол эле жылы 8-августа Рубрук Итиль (Волга) дарыясынан өтүп, чыгышка бет алган болучу. Бир айдан ашык убакыттан соң, Урал дарыясына өтүп, Сыр-Дарыяга, андан ары түштүк-чыгышка багыт алган. Таласка келип, андан Кенчат шаарына, Ала-Тоонун түндүк тоо кыркалары аркылуу жүрүп олтуруп, Балхаш көлүн 15 күндүн ичинде айланып өтүшөт. Алакөл аркылуу азыркы Монголияга, андан улуу кагандын ордосу – Каракорумга 26-декабрда жетип келишкен. Мункэ каган Каракорумдан сыртта болгондуктан, монахтар өз адаты боюнча жылаңайлак абалында улуу кагандын кабылдоосуна келишет. Сыйлуу кабыл алуу протоколунан соң, Мункэ каган Рубрук жана аны коштогондорго француз королунун баш ийип берүү талабын койгон болучу. Рубрук Каракорумда коп сандаган француз, немис туткундарына жолуккандыгын жазган. Бир канча кабыл алуудан соң, Рубрук Каракорумга келип, кыштын чыгышын күтүү уруксатын алат. Ушул мезгилден тартып саякатчы кытайлар боюнча маалыматтарды жыйнап, кагаз бетине түшүрө баштаган. Өзгөчө, шаардагы мусулман мечиттери менен христиан (несториан) чиркөөлөрүнүн жанаша турушу католик Рубрукту өтө таңдандырган эле. Мункэ каган француз королуна тынчтыкта жашагысы келсе, кыңк этпестен баш ийип берүүсүн талап эткен катын берет. 1254-ж. 6-июлда Каракорумдан чыккан Гильом Рубрук 1255-ж. 16-июнда Кипрге келип, андан соң өз монастрына келип токтойт. Рубруктун саякаты европалыктарга Азия жана азиялыктар тууралуу эң алгачкы маалыматтарды берген. Анда географиялык, этнографиялык ж.б. маалыматтар бар, Борбордук жана Чыгыш Азия боюнча да маалыматтарды сурап жазып, кагазга түшүргөн. Дипломатиялык багытта элчилик сапар француздук королго эч нерсе алып келбегени менен, европалыктар үчүн Рубрук берген маалыматтар эбегейсиз зор мааниси бар эле. Анын эмгеги өз учурунда эле жогорку денгээлде бааланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • О. Каратаев​ Орто Азия чөлкөмүн жана түрк дүйнөсүн изилдеген окумуштуулар. –Бишкек, 2015