Гимн (символика)
Гимн — программалык мүнөздө жазылган салтанаттуу ыр.
Мамлекеттик, революциялык, аскердик, диний, тарыхый окуялар менен баатырларга арналган Гимндер белгилүү.
Байыркы Грецияда Гимн кудайлардын урматына жазылган.
Б. 3. ч. 7—5-кылымда Алкей, Алкман, Пиндар сыяктуу акындар Гимн жазган. Алардан бизге «Гимн» деген ат менен эпикалык баяндоо түрүндөгү ыр чыглар келип жетти.
Колдонулган адабияттар
түзөтүүКыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.