Гипофиздин арткы бөлүгү же нейрогипофиз

Гипофиздин арткы бөлүгү же нейрогипофиз – типтүү ички секреция безине, кирбейт, 2 гормон: вазопрессин жана окситоцин бөлүп чыгарат. Булар 9 амин к-танын калдыгынан турган полипептиддер.

Вазопрессин кандын басымын жогорку деңгээлде кармап турушу ыктымал. Ошол маалда диурез процессин азайтат (сийдиктин бөлүнүп чыгуусу), себеби артериялык жана капиллярдык кан тамырларды кысып, ичкертет. Вазопрессин аз иштелип чыкса диабет оорусуна (канты жок) алып келет, бул учурда оорулуу адам суусуну канбай, суюктук көп ичет.

Вазопрессин организмдеги суу балансын жана кан плазмасынын осмос басымын иреттештирет, клетка мембранасынын өткөргүчтүгүн жогорулатат. Бул болсо сийдиктин пайда болуу процессинде бөйрөктөн сууну реадсорбциясын жөнгө салат.


Колдонулган адабияттар түзөтүү