Окситоцин (Oxytocin) — гипоталамуста түзүлгөн ак зат-пептид гормону. Гипофиздин артыңкы бөлүгүндө чогулат жана канга чыгарылат.

Окситоциндин молекуласы

Окситоцин жыныстык төлдөөдө өзүн ролу менен белгилүү, жекече, төрөө жана андан кийинки убагында. Ал жатындын моюну жана жатындын өзү чоюлуп калганда, чоң өлчөмдө чыгарылып, төрөгөндү жеңилдетет, жана, желин эргигенден кийин, эмизгеңге жардам берет.

Жакында окситоциндин түрдүү жүрүмдүү реакцияларда ролун изилдеп башташты. Анын ичинде оргазм, коомдук таануу, сүйүү мамиле, чочулоо жана энелик жүрүмү. Ошол себептен аны кээде “сүйүү гормоны” деп атап коюшат. Окситоцинди чыгара албагандык жана эмпатия сезалбагандык социопатия, психопатия, нарциссизм менен байланыштуу.

Сөз окситоцин грек тилинен (ὼκυτοκίνη, ōkytokínē) алынган, “тез төрөт” дегенди белгилейт. Фармакологчу сэр Дейл Халлетт(жеткиликсиз шилтеме) 1906 жылы жатындын жылмакай булчуңдардын жыйрылышын стимулдаштыруу окситоциндин касиетин ачкан. 1910 жылы Отто жана Скотт, алар менен бирге 1911 жылы Шафер жана Маккензи окситоциндин сүт чыгаруу касиетин баяндап жазышкан. Окситоцинде тогуз аминокычкылдын ырааттуулугун дю Виньо(жеткиликсиз шилтеме) ж.б. 1953 жылы аныкташкан. Ошол эле жылда тез арада дю Виньо ж.б. биохимиялык ыкма аркылуу окситоцинди синтездешкен. Окситоцин эң биринчи синтездешкен полипептиддүү гормон болчу.

Түзүлүшү жана вазопрессинге тектештиги түзөтүү

Окситоцинди тогуз аминокычкыл түзөт (нонапептид). Анын системалык аты — цистеин-тирозин-изолейцин-глутамин-аспарагин-цистеин-пролин-лейцин-глицин-NH2 (cys – tyr – ile – gln – asn – cys – pro – leu – gly - NH2, же CYIQNCPLG-NH2) . Цистеиндин калдыгы дисульфид байланыштарды жаратат. Окситоциндин молекулардык салмагы 1007 дальтон. Окситоциндин бир эл аралык бирдиги (IU) нукура полипептиддин 2 микрограммына эквиваленттүү.

Окситоциндин түзүлүшү ошондой эле вазопрессиндигине окшош (cys – tyr – phe – gln – asn – cys – pro – arg – gly - NH2), нонапептид сера көпүрөлөрү менен, окситоцинден 2 аминокычкылы менен айырмаланат. Окситоцинди жана вазопрессинди дю Виньо(жеткиликсиз шилтеме) 1953 жылы чыгарып бөлгөн жана синтездеген. Ошол кызматы үчүн 1955 жылы ага химиядан Нобел сыйлыгы ыйгарылган.

Адамдын артыңкы питуитардык без аркылуу чыккан окситоцин жана вазопрессин, аралыкка таасирин тийгизген жалгыз гормондор. Буга карабастан, окситоцинди чыгарган нейрондор башка дагы полипептиддерди синтездейт, анын ичинде кортикотропин-рилизинг гормону (КРГ) жана динорфин, мисалы, локалдуу таасирин тийгизет. Окситоцинди чыгарган магноклеткалуу нейрондор, вазопрессинди чыгарган магноклеткалуу нейрондорго жакын, жана көп касиеттери менен окшош.

Таасири түзөтүү

Окситоцин перифериялык (гормоналдуу) таасирин, жана да мээде таасирин тийгизет. Окситоцин таасирин спицификалык жогоруаффин окситоциндин рецепторлору аркылуу тийгизет. Окситоциндин рецептору бул G-протеин рецептор, Mg2+ жана холестеролго муктаж болуп турган. Бул рецептор родопсин-типке (I класс) G-протеин рецептордун тобуна таандык.