Гистаминге каршы дарылар

Гистаминге каршы дарылар - клетка, ткандардагы биологиялык активдүү зат - гистаминдин физиологиялык таасирин басаңдатуучу каражаттар (димедрол, супрастин, диазолин жана башка).

Алар бронхтун, ичегилердин жылма булчуңдарынын спазмын жоготот, ткандардын күпчөгүн азайтат, аллергиялык реакдияны жеңилдетет жана башка Андан тышкары булар борбордук нерв системасына басаңдатуучу жана уктатуучу таасир берип, наркоздун, ооруну басаңдатуучу дарылардын таасирин күчөтөт. Ошондой эле сезгенүүгө каршы да таасири бар, Гистаминге каршы дарылар негизинен аллергия ооруларында, бронх астмасынын башталышында жана башка көп ооруларда колдонулат. Димедрол менен дипразиндин сеп алдыруучу таасири болгондуктан, транспорт айдоочуларга, станок менен иштегендерге иш убагында ичүүгө болбойт. Бул дарылар врачтын сунушу боюнча гана колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8