Аллергия — организмдин айланачөйрөдөгү түрдүү заттарга — аллергендерге өзгөчө сезгичтиги. А. оорулары байыркы замандан белгилүү болгон. Байыркы грек врачы Гиппократ айрым тамак-аш жакпай ич өтүп, бөрү жатыш болорун, байыркы рим врачы Гален роза гүлүнүн жытынан мурундун бүтүшүн белгилеген. А-лык оорулар (бронх астмасы, поллиноз, бөрү жатыш, дерматиттер, дарыдан жана тамак-аштан болгон А.) дүйнөдө кеңири таралган. Буга антибиотиктерди ж. б. дары-дармектерди көп пайдалануу, хим. өнөр жайдын тез өсүп, синтездик материалдардын, боёктордун, кир кетиргичтердин ж. б. турмуш-тиричиликке керек хим. заттардын көбөйүшү себеп болот. Жөнөкөй хим. заттардан тартып, эң татаал (белоктор, полисахариддер) бирикмелерге чейин аллерген болушат. Организмге сырттан таасир эткен (экзогендик) жана организмдин ичинде пайда болгон (эндогендик) аллергендер бар. Экзогендик аллергендер инфекциясыз (чаң, жүн, дары-дармек, өсүмдүк чаңчасы, хим. заттар, тамак-аш) жана инфекциялуу (бактериялар, вирустар, козу карындар) болуп айырмаланат. Экзогендик аллергендер төмөнкү топторго бөлүнөт: 1. Биологиялык аллергендер. Аларга микробдор, вирустар, козу карындар, мителер, кан сары суусу жана вакцина дарылары кирет. Көпчүлүк жугуштуу ооруларды А. коштойт. Микробдор, вирустар, козу карындар пайда кылган, алардын өнүгүшүнө А. чоң роль ойногон мындай оорулар инфекция — аллергиялык оорулар деп аталат. Бул ооруларды демейде кишинин терисинде, дем алуу жолдорунда, оозунда, ичегисинде жайгашкан микробдор, ошондой эле тиштин чириши, мурундун кошумча коңулдарынын сезгениши, холецистит ж. б. сезгенүү процесстери пайда кылат. Организмге кан сары суусун, вакцина куйганда анафилакция сыяктуу А-лык реакция болушу мүмкүн. 2. Дары аллергендер. Көпчүлүк дары-дармектер, мис., кодеин, аспирин, сульфаниламиддер, пенициллин, новокаин ж. б. дарылар А-лык кабылдоолорду пайда кылат. Антибиотиктер, айрыкча пенициллин А-лык кабылдоого арбын чалдыктырат. Башка дарыларга караганда андан өлүмгө учуратуучу А-лык реакция көп болот. Ошондуктан дарыларды врачтын көрсөтмөсү жок кабыл алуу өтө коркунучтуу. 3. Турмуш-тиричилик аллергендери. Буларга чаң, нымдуу үйдөгү козу карындар, курткумурскалардын (кантала, таракан ж. б.) бөлүкчөлөрү, чач, жүн ж. б. кирет. Акыркы мезгилде турмуш-тиричилик химиясына, а. и. кир кетиргич күкүмдөргө А-лык реакция көп учурайт. Бул аллергендер дем алуу жолдорунун аллергиялык оорусун (бронх астмасы, мурун бүтүү) пайда кылат. 4. Өсүмдүктөрдүн айрым түрлөрүнүн (көбүнчө шамал аркылуу чаңдашуусу) чаңчалары организмге киргенде А. оорусун пайда кылат. Мында мурун бүтөт, коньюнктивит болот ж. б. Өсүмдүк чаңчасынан болгон А. поллиноз деп аталат. 5. Тамак-аш аллергендери. Көпчүлүк тамак-аш азыктары, мис., сүт, жумуртка, эт, балык, помидор, цитрустар, шоколад, кулпунай ж. б. А-ны көп пайда кылат. Тамак-аш ичеги-карынга түшкөндөн бир нече минутадан кийин А-лык реакция башталат. Мис., сүткө А. болгондо аны ичкенден бир нече минута өткөндөн кийин кусуп, ичи өтүп, андан соң бөрү жатыш, ысытма болушу мүмкүн. Тамак-аштан болгон А. демейде ичегикарыны начар иштеген кишилерде көп жолугат. Балдарга тамакты көп берүү тамак-аш А-сынын өөрчүшүнө түрткү берип, аларда диатез пайда болот. Айрым учурда тамак сиңирүүчү маңызда кээ бир ферменттердин жетишсиздигинен А-га окшоп, тамак сиңирүү бузулушу мүмкүн. 6. Өңөр жай аллергендери. Хим. өнөр жайлардын өсүшүнүн натыйжасында өндүрүштө жана тиричиликте түрдүү заттарды көп пайдалануу ар кандай А-лык реакциялардын өөрчүшүнө алып келүүдө. Алар көбүнчө терини жабыркатып, кесиптик дерматиттерди пайда кылат. Өнөр жай аллергендерине скипидар, минерал майлары, никель, хром, мышъяк, кара май, өңдөгүч заттар, лактар, формалин, мочевина, эпоксид чайырлары, аминобензолдор, хлорбензол ж. б. толуп жаткан заттар кирет. Косметикалык кабинеттерде, чач тарачтарда — парфюмерия заттары, каш, кирпик, чач боёктору; сүрөт лабор-яларында метол, гидрохинон, бромдун бирикмелери аллерген болушу мүмкүн. 7. Аллергендердин өзгөчө тобун физ. факторлор — суук, ысык, механикалык дүүлүктүрүү түзөт. Аллергендер организмге киргенде ага жооп иретинде А-лык реакция пайда болот. Мында аллерген 1-жолу организмге киргенде ага сезгичтик жогорулайт — сенсибилизация жүрөт. Организмдин белгилүү бир аллергенге жооп катары белок затын — антителону пайда кылуусунан анын сезгичтиги жогорулайт. Аллерген антитело пайда болгончо организмден чыгарылса оорунун белгиси байкалбайт. Аллерген ага сезгичтиги жогору болуп калган организмге кайталап киргенде А-лык реакция пайда болот. Анын натыйжасында бир катар биохим. процесстер жүрүп, гистамин, серотинин ж. б. заттар бөлүнөт. Ал заттар клетка, ткань, органдарды бузуп, А-лык ооруга алып келет. Мындай А-лык реакция кишиде көп учурайт. Аллергендер организмге биринчи киргенде эле А-лык реакция болушу мүмкүн. Мында сенсибилизация мезгили болбойт. Андай реакцияга идиосинкразия — айрым тамак-аштын жана дары-дармектин жакпастыгы кирет. А-лык реакция тез болуучу жана жай болуучу болуп бөлүнөт. Аллерген таасир эткенден 15—20 минутадан кийин теридеги, дем алуу, тамак сиңирүү ж. б. системаларындагы пайда болгон реакциялар тез болуучу А-лык реакцияга кирет. Алар — анафилакциялык шок (к. Анафилаксия), поллиноздор, бөрү жатыш, бронх астмасы, кан сары суу оорусу ж. б. Жай болуучу реакциялар бир нече суткадан кийин өнүгөт. Аларга кишилердин бактерияларга (мис., туберкулёздо, бруцеллёздо) сезгичтигинин жогорулашы, хим. өнөр жайдагы иштегендердин, фармацевттердин, мед. кызматкерлердин дерматиттери кирет. Организмге аллерген кирген бардык учурда эле А. боло бербейт. Анын өнүгүшүнө тукум куугучтук, нерв жана эндокрин системасынын абалы белгилүү роль ойнойт. Ата-эненин экөө тең поллиноз, анафилаксиялык шок, тукум куума бронх астмасы, аллергиялык мурун бүтүү сыяктуу оору менен ооруган үй-бүлөдөгү балдардын 70%и, ал эми бири гана ооруган үй-бүлөдөгү балдардын 56%и А. менен ооруйт. Мында эне-атасы ооруган оорунун өзү берилбей, экзогендик аллергендерге жооп берүүсү жогору болуп, А-га жакын болушат. Аларда А-нын өөрчүшүнө нерв жана эндокрин системасынын функциясынын бузулуусу, мээ травмасы, терс эмоциялар, бөйрөк үстүндөгү бездин начар иштеши түрткү болот. Организмдин өз тканынын белогу менен клеткаларына (эндоаллерген) өзгөчө реакция жасоосу аутоаллергия деп аталат. Аутоаллергия ж-дөгү окуунун пайда болушу көрүнүктүү орус микробиологу жана иммунологу И. И. Мечниковдун ысмы менен байланыштуу. Эндоаллергендер табигый жана кийин пайда болгон болуп айырмаланат. Кадимки ткандардын белогу табигый эндоаллергендер болушат. Ал эми кийин пайда болгон аутоаллергендерге күйүк, нур оорусу ж. б. процесстерде бөлөкчө касиетке ээ болгон, ошондой эле организмге түшкөн бактерия уулары, дары ж. б. менен кошулган белоктор кирет. А-га диагноз коюуда оорулууну жакшылап сурап аллергендердин кайсы тобу ооруну пайда кылганын билүү өтө маанилүү. Дарылоону врач жүргүзөт. Ал оорулууга аллергендердин келип түшүүсүн токтотууга жана аллергенге сезгичтигин төмөндөтүүгө багытталган. Аллергенге сезгичтикти төмөндөтүү гипосенсибилизация (десенсибилизация) деп аталат. Гипосенсибилизация оорунун белгилери жок мезгилде жүргүзүлөт. Оору кармап жатканда аллергиялык процесстерди басаңдатуучу, ошондой эле айрым оорулардын белгилерин жок кылуучу дарылоо жүргүзүлөт. Мис., кан басымы төмөндөп кетсе аны нормага келтирүүчү, бронх астмасында бронхторду кеңейтүүчү ж. б. дарылар берилет. Ири шаарларда аллергологиялык кабинеттер, көпчүлүк ооруканаларда бөлүмдөр ачылган. Аллергологиялык кабинеттер А. ооруларын аныктап, аларды дарылоо иштерин жүргүзөт. А-нын алдын алууда организмдин сезгичтигин жогорулатуучу заттардын организмге кайталап түшүүсүнөн сактануу — түрдүү дарыларды зарыл учурда гана врачтын көрсөтмөсү боюнча кабыл алуу, өнөр жай ишканаларында алдыңкы технологияны колдонуу, тиричиликте үйдү чаң чогултпай таза кармоо керек. Ошондой эле организмдеги бардык инфекциянын очогун (ооруган тиш, мурундун кошумча коңулдарынын сезгениши, холецистит ж. б.) жоготуу зарыл. Ичеги-карындын иштешин жакшыртуу тамак-аш А-сын азайтат. Балдарда А-ны алдын алууда эмчек эмизүү негизги шарт болуп эсептелет. Тежемел багылган балдарда А. оорулары көп жолугары белгилүү. Эмгектенүү жана эс алууну туура айкалыштыруу да чоң мааниге ээ.


Колдонулган адабияттар

түзөтүү
  • Ден соолук»: Медициналык энциклопедия/Башкы ред. Борбугулов М. Б.; Кырг. ССР ИА ж. б.— Ф.: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы ред., 1991.— 456 б. ISBN 5-89750-008-8