Адольф Гитлер
Адольф Гитлер (нем. Adolf Hitler) (20 апрель 1889, Браунау-на-Инне, Австро-Венгрия — 30 апрель 1945, Берлин, Нацисттик Германия) – фашисттик диктатор; Германиянын улутчул-социалисттик партиясынын жол башчысы (1921-жылдан фюрер), 1933–45-ж. рейхсканцлер, 1934-жылдан президенттик пост менен бириктирип алган. 1941-жылдан герман куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы. 1934-ж. Германияда фашисттик-террордук режимди орнотуп, саясий атаандаштарынын бардыгын «узун бычактар түнүндө» жок кылган. Экинчи дүйнөлүк согушту түздөн-түз баштоочулардын бири, 1938-ж. Австрияны аншлюстаган жана Чехословакиянын Судет областын басып алган. Польшаны басып алуу үчүн Советтер Союзу менен кол салышпоо тууралуу пактыга кол коюп (1939), аны бузуу менен 1941-ж. 22-июнда СССРге кол салууну уюштурган. Оккупацияланган аймактарда согуш туткундарын жана жергиликтүү элдерди массалык түрдө кырып жоюунун (өзгөчө еврейлерди) негизги уюштуруучуларынын бири болгон. Советтик аскерлердин Берлинге кириши менен өзүн-өзү өлтүргөн. Нюрнберг процессинде Гитлер негизги нацисттик кылмышкер катары аныкталган.
Адольф Гитлер нем. Adolf Hitler | |
Расмий портрети. 1938-жыл | |
2-август 1934-жыл — 30-апрель 1945-жыл | |
---|---|
Туулган жылы: | 20 -апрель 1989 |
Каза болгон жылы: | 30 -апрель 1945 () |
Атасы: | Алоис Гитлер |
Апасы: | Клара Гитлер |
Жубайы: | Ева Браун |
Аскердик кызматы | |
Наамы: | * |
Автограф: | |
Булактар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4