Женишбек кызы Батма Н-33 Тема: Жаратылыш философиялык анализдин предмети катары . Азыркы кездеге гобалдуу проблемалар.

План : 1. Жаратылыш . 2. Глобалдык койгойлор . 3. Колдонулган адабиятар .


1. Жаратылыш биздин эн жакын досубуз . Ал биздин жашоо тиричилигибизге керектуу коп нерселерди берет . Ошол себептен адамдар жаратылышты коргошот , анын байлыктарын аткаруу максатында коп эмгектенишет .

Баарыбыздан эле оскон жерибиз бар . Менин оскон жерим Кыргызстан жаратылышы ушунчалык кооз, не суусу таза , абасы таза  коргон козду суктандырат .


2.Глобалдык көйгөйлөр – эң курч, турмуштук маанилүү, дүйнөлүк жана жалпы адамзаттык маселелердин жыйындысы. Аларды чечүү бардык элдердин жана мамлекеттердин биргелешкен аракеттерин талап кылат. Глобалдык көйгөйлөрдүн комплекстүүлүгү, системалуулугу жана жалпылык мүнөзү, алардын айырмалануучу өзгөчөлүгү болуп саналат. Алар бүгүнкү күндөгү дүйнөнүн өсүп жаткан биримдиги, аны түзүүчү бөлүктөрдүн өз ара байланышы жана бирине-биринин көз карандылыгынын күрөш тенденциялары менен шартталган.

Глобалдык көйгөйлөр башкы, биринчи даражадагылардын катарына согуш жана тынчтык проблемалары кирет. Анын ичинде төмөнкү көйгөйлөр да бар: эл аралык коопсуздук, куралсыздандыруу жана конверсия, эл аралык мамилелерди демилитаризациялоо жана узак убакытка, бекем тынчтыкты орнотуу үчүн керек болгон гарантияларды түзүү. Элдердин ортосундагы ишенимди бекемдөө жана алардын ортосундагы түрдүү тармактардагы кызматташтыкты кеңейтүү. Курчап турган табигый чөйрөнүн абалынын абдан начарлап кетишине байланыштуу алдыңкы планга экологиялык көйгөй чыгууда. Себеби, бул начарлоо адамзатты ракеталык-ядролук катастрофанын натыйжалары менен тең келген экологиялык кыямат коркунучунун алдында калтырды. Эң ири глобалдык көйгөйлөрдүн бири – Азия, Африка жана Латын Америка өлкөлөрүндөгү кеңири эл массасынын жакырчылыгы, экономикалык жана маданий артта калуучулугу болуп саналат. «Үчүнчү дүйнөдө» калктын санынын өсүшүнүн жогорку темптери жана бул аймакта жүз миллиондогон адамдардын жашоо деңгээлинин мындан ары төмөндөшүнө алып келген өнөр жайлык жана айыл-чарбалык өндүрүш үчүн шарттардын начарлоосунун алардын ортосундагы бөлүнүүнүн тереңдеши менен пайда болгон демографиялык кырдаалды оптимизациялоо зарылчылыгы да ушул көйгөй менен байланышкан. Бир катар глобалдык көйгөйгө илимий-техникалык революциянын жана дүйнөлүк базардын өнүгүүсүнүн, дүйнөлүк дүң үнөмдүн натыйжалуу өндүрүүнү жана кайра өндүрүп чыгууну камсыз кылуу зарылчылыктарынан улам келип чыккан. Дүйнөлүк энергетикалык, чийки заттык, азык-түлүк кризистерин чечүүнүн. Тынчтык максаттарында жерге жакын мейкиндикти өздөштүрүү жана космостук мейкиндикти, дүйнөлүк океанды демилитаризациялоонун жаңы ыкмаларын, акыр-чикирден тазалоонун жолдорун издөө зарыл.

Глобалдык көйгөйлөр өз ара, регионалдык жана улуттук-мамлекеттик көйгөйлөр менен тыгыз байланышкан. Алардын негизинде – бүгүнкү күндөгү цивилизациянын жашоосунун негиздерин козгогон глобалдык масштабдагы карама-каршылыктар жатат. Жалпысынан бул социалдык, жаратылыш менен адамдын ортосундагы, анын ичиндеги карама-каршылыктар. Алардын кайсы бир тизмегинде курчушу глобалдык көйгөйлөрдүн бардык түтүмүндө деструктивдүү процесстерге алып барып жаңы оңой менен чечилбөөчү көйгөйлөрдү пайда кылат. Дүйнөлүк коомчулукта глобалдык көйгөйлөрдү чечүүнүн көптөгөн программаларын жана пландарын каржылоо үчүн каражаттардын, ошондой эле бул максатта пайдалануучу калыптанган механизмдин жоктугунан улам абал оорлоодо. Бул үчүн БУУ, башка эл аралык уюмдардын, демократтык кыймылдардын ишмердүүлүгүн активдештирүү. Дүйнөлүк согуштук чыгашаларды, конверсияларды кыскартуунун эсебинен ресурстарды көбөйтүп. Бардык мамлекеттердин тыгыз кызматташтыгын калыптандыруу. Жалпы адамзаттык кызыкчылыктар жана баалуулуктардын артыкчылыгын камсыз кылуу зарыл. Коомдук прогресс, глобалдык көйгөйлөрдү чечүүнүн негизинде адамзаттын жашоо стратегиясы элдерди цивилизациялык өнүгүүнүн жаңы чектерине алып баруусу мүмкүн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004,ISBN 9967-14-020-8