Гляциология - (латынча glacies – муз жана ...логия) – жер үстүндөгү табигый муздар (мөңгү, муздук, кар катмары, суу муздары, тоң ж. б.) жөнүндөгү илим. Гляциология муздардын режимин жана өнүгүү динамикасын, айлана-чөйрө менен болгон катнашын, жер бетинин өзгөрүүсүндөгү ролун, ошону менен бирге кар-муз ресурсун, кар-муз системасынын айлана-чөйрө менен зат алмашуусун, өзгөрүү кыймылын, азайып-көбөйүшүн, тоо мөңгүлөрү менен уюлдук муздуктардын өзгөчөлүктөрүн, планетанын геологиялык тарыхында муздуктардын ордун изилдейт. Ал өзүнүн теориялык жана практикалык маселелерин чечүүдө климатология, гидрология, геоморфология, физикалык география, механика, физика жана математика илимдеринин методдорун кеңири колдонот. Гляциология изилдей турган бирдиктүү объект гляциосфера (атмосфера, гидросфера жана литосферадагы катуу түрдөгү суу) деп аталат. Гляциологиянын негизги милдеттерин аныктоодо илимпоздордун арасында эки түрдүү көз караш бар. Изилдөөчүлөрдүн бир тобу (С. В. Калесник, М. В. Тронов ж. б.) Гляциологиянын милдети мөңгүлөрдү гана изилдөө десе, экинчи тобу (П. А. Шумский, Г. Д. Рихтер, И. С. Щукин ж. б.) аны жаратылышта кезигүүчү бардык муздар, башкача айтканда атмосферадагы (суу үстүнө тоңгон муз ж. б.) жана литосферадагы (кар катмары, мөңгү, жер алдындагы муз ж. б.) муздар жөнүндөгү илим деп эсептейт. Бирок, кийинки изилдөөлөр көрсөткөндөй, гляциологиянын негизги изилдей турган объектиси тоо мөңгүлөрү, уюл муздуктары жана кар көчкүлөр. Жер бетиндеги муздардын 99% ушуларда топтолгон. Кыргызстандын мөңгүлөрү жөнүндөгү маалыматтар 1-жолу 19-кылымдын орто ченинде П. П. Семёнов-Тян-Шанскийдин изилдөөлөрүнүн натыйжасында алынган. Кыргызстанда 7743 мөңгү бар, жалпы аянты 8381 км2 (эң чоң Түштүк Эңилчек мөңгүсүнүн уз. 58,9 км, туурасы 2–3 км, аянты 613,2 км2, орточо калыңдыгы 300–400 м), аларда 70 млрд м3 суу топтолгон. Кыргызстандын аймагында ири гляциологиялык изилдөөлөр С. В. Калесниктин жетекчилиги менен 2Эл аралык уюлдук жыл мезгилинде (1930–32) башталып, Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Теңир-Тоо бийик тоолуу станциясы уюштурулган (1948) жана ал Эл аралык геофизикалык жылдын станцияларынын катарына кирген учурдан (1957-58) өнүктү. Гляциологиялык изилдөөлөр Г. А. Авсюктун, Р. Д. Забировдун ысымдары менен байланыштуу. Ошондой эле илимий-изилдөө иштерине А. Н. Диких, А. О. Осмонов, Е. К. Баков, Р. А. Усубалиев салымын кошкон. Кыргыз гляциологдору эрүүнүн гидрометеорологиялык шарттарын, мөңгүлөрдүн калыңдыгын, жылышынын ылдамдыгын, температуралык режимин, жылуулук жана ным балансын изилдеген. Бул эмгектердин натыйжасында мөңгүлөрдүн жалпы каталогу түзүлгөн. Анда Кыргызстандын мөңгүлөрүнүн морфологиясы жөнүндө маалыматтар, корутунду мүнөздөмөлөр камтылган.

Мөңгү.

Колдонулган адабияттар түзөтүү