Гмелин Иоган Георг (нем. Johann Georg Gmelin, 1709-1755 жж.), немис врачы, ботаник, жаратылышты таануучу, этнограф, саякатчы, ЧСибирь жана Урал аймактарынын изилдөөчүсү, Экинчи Түндүк (Камчатка) экспедициясын Г.Ф.Миллер менен биргеликте жетектеген окумуштуу, Сибирдин ошол кездеги картасына бир кыйла оңдоолорду жана түзөтүүлөрдү киргизген. 1739-ж. экспедициянын курамында Минусин (Хакас-Минусин ойдуңу) аймагында болуу менен орто кылымдардагы кыргыздарга таандык эстеликтер, чулу таштарга чегерилген руникалык кыргыз жазуулары тууралу маалыматтарды кагаз бетине түшүрүшкөн. Бир катар археологиялык казуу иштерин жүргүзүшкөндүгү маалым. Бул экспедициянын негизинде Кунсткамерага бай маалыматтар жана материалдар тапшырылган. Красноярск чыңдоосунда болуп, шаарда эки миң адам жашарын, шаар кыргыздарга каршы сепил катары курулгандыгын (кыргызы-татары) жазган. Бул экспедиция негизинен Д.Г.Мессершмидт, Ф.И.Стралленбергдин мурда жүргүзгөн экспедициясынын жолун кайталаган.

Иоган Георг Гмелин.

И. Г. Гмелин 1709-ж. Германиянын Тюбинген деген шаарында туулган. 1725-ж. медициналык факультетин аяктап, диплом алган. Анын жакын туугандарынан белгилүү окумуштуулар чыккан. 1727-ж. 18 жаштагы Иоганн Гмелин аптекарь болуп иштеген атасынын кеңеши менен Россига келген. Ал алгачкы үч жылда Кунсткамерада иштеген, минералдардын каталогун түзүүгө киришкен. 1727-ж. Илимдер академиясынын химия жана табигый тарых боюнча адюнк кызматына чакырылат. 1733-1743 жж. Витус Беринг жетектеген атактуу Экинчи Камчатка экспедициясына катышат. Архангельскиден Аляска, Алеут аралдарына, Япон аралджарына чейинки эбегейсиз зор аймакка изилдөө жүргүзүшкөн, бул жерлердин картасын чийишкен, этнографиялык, лингвистикалык ж.б. маалыматтар да топтолгон. Енисейск, Иркутск, Красноярск, Уст-Каменогорск, Якутск, Томск, Екатеринбург, Вологда ж.б. шаарларда болгон. Ал Сибирди Батыш Сибирь жана Чыгыш Сибирь деген географиялык аталыштарга бөлгөн биринчи окумуштуу болот. Түндүк-Батыш Алтайдан Кузнецкиге, андан Томскиге, Чулум өрөөнүнөн Енисейге чыккан. 1738-ж. Енисейден түндүк тарапка кайык менен саякат жасаган. Ал өзүнүн жигердүү изилдөөлөрүнүн жыйынтыктарын «Флора Сибири» (1747-1759) и «Путешествие по Сибири» (1752) аттуу фундаменталдуу эмгектеринде чагылдыргандыгы белгилүү. И.Г.Гмелин 10 жылдык саякаттын учурунда 34 миң чакырым жолду басып, зор аймактарда байырлаган элдердин этнографиясы, фольклору, каада-салт, үрп-адаты, жаратылыш шарттары, фауна жана флорасы боюнча маалыматтарды жазган. 1747-ж. Тюбингенге кайрылып кеткен. 1755-ж. көз жумганга чейин жергиликтүү университетте ботаника жана химия боюнча дарс окуган.

Негизги эмгектери түзөтүү

  • Reise durch Sibirien von dem Jahre 1733 bis 1743» Göttingen, Verlegts Abram Vandenhoecks seel., Wittwe, 1751—1752(нем.) (4 тома, in 8°, с 7 картами и 18 рисунками)
  • «Flora Sibirica sive historia plantarum Sibiriae» Petropoli ex Typogr. Acad. sci. I — 1747; II — 1749; III — 1758; IV — 1759[1]
  • «Leben Herrn Georg Wilhelm Stellers» : gewesnen Adiuncti der Kayserl. Academie der Wissenschaften zu St. Petersburg; worinnen die bissher bekannt gemachte Nachrichten von deselben Reisen, Entdeckungen, und Tode, theils wiederleget, theils ergaenzet und verbessert werden. Frankfurt, 1748
  • «Joannis Georgii Gmelini Reliquias quae supersunt commercii epistolici cum Carolo Linnaeo, Alberto Hallero, Guilielmo Stellero et al., Floram Gmelini sibiricam ejusque Iter sibiricum potissimum concernentis … curavit Guil» Henr. Theodor Plieninger. Addita Autographa lapide impressa Stuttgartiae, 1861

Орус тилинде жарык көргөн эмгектери түзөтүү

Перевод с предисловия, сочиненного профессором Гмелиным к первому тому Флоры сибирской / Перевод с немецкого С. П. Крашенинникова. — СПб.: Типография Академии наук, 1749

Колдонулган адабияттар түзөтүү