Гоби Алтай тоолору
Гоби Алтай тоолору – Монголиянын түштүгүндөгү тоо, Моңгол Алтайынын түштүк-чыгыш уландысы. Узундугу 500 кмден ашык. Айрым тоолордон жана массивдерден (бийиктиги 1500–2500 м; эң бийик жери 3957 м, Барун-Богдо-Ула чокусу) турат. Гранит, кумдук, акиташ тектеринен түзүлгөн; жер титирөөлөр болуп турат (алаамат жер титирөөлөр 1957жана 1958-ж. болгон). Тоолуу талаа, жарым чөл жана чөл өсүмдүктөрү өсөт.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4