Монгол алтай тоолору - МЭР м-п Кытай аймагындагы тоо системасы, Алтайдын уландысы. Түн. батыштан түш. чыгышка 1000 км аралыкта созулуп жатат. Туурасы түн.-батышында 300 км, түш.-чыгышында 150 км. Бийикт. 4362 жге чейин (Мунх-Хайрхан-Ула чокусу).

Жарыш жаткан бир нече кырка тоодон турат, алар тектоникалык өрөөндөр менен бөлүнгөн. Кырка тоолордун үстү платого окшош, кырында мөңгүлөр бар (эң ириси — Потанин мөңгүсү). Негизинен палеозой заманында пайда болгон кристаллдык сланец, порфир, порфи­рит жанa гранит тоо тектеринен турат. Түш.-батыш капталдары түн.-чыгышына Караганда нымдуураак болгондуктан, мында токойлуу шалбаа ланд­шафты басымдуу, ал жогору жагында альп шалбаасы, төмөн жагында талаа менен алмашат. Түн.-чыгыш капталдарында талаа жанa жарым чөл, тоо аралык ойдуңдарда жарым чөл ландшафттары басымдуу.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.