Голованов, Николай Семёнович
Голованов, Николай Семёнович [9(21). 1. 1891—28. 8. 1953] — сов. дирижёр, пианист, композитор жана педагог, СССР эл артисти (1948).
Москва консерваториясын С. Н. Василенконун классы боюнча бүтүргөн (1914). 1909-жылдан синодалдык орус хорунун дирижёру, 1915-жылдан хормейстер, 1918—36-ж. дирижер, 1948—53-ж. СССРдин Чоң театрында (Москва) башкы дирижёр. 1937-жылдан Бүткүл союздук радпокомитетин Симф. чоң оркёстринпн башкы дирижёру, көркөм жетекчиси.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.