Гомология органдары – келип чыгышы окшош, бирок формасы жана аткарган функциялары боюнча айырмаланган органдар. Мындай органдардын сырткы көрүнүшү бири бирине окшобойт. Мисалы, бүчүр түрпүсү, бөрү карагаттын тикени түрүн өзгөрткөн жалбырак, бирок жалбырактын функциясын аткарбайт, куш менен жарганаттын канаттары өзгөргөн алдыңкы буттары. Ч. Дарвин 1859-ж. өзүнүн табигый тандалуу теориясында гомология органдары организмдердин жалпы теги бирдейлигин көрсөтөрүн айткан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү