Табигый тандалуу – организмдердин эволюциясынын негизги кыймылдаткыч күчү. Т. т. жөнүндөгү окуу Ч. Дарвин (1858-1859-жж.) тарабынан сунуш кылынган. Ч. Дарвиндин оюу боюнча Т. т. – жашоо үчүн күрөштүн жыйынтыгы. Ал жашап кетүүгө, өзүнөн кийин тукум калтырууга жөндөмдүүлүктү, тукумдарынын көбүрөөк ыңгайланышууга ээ болгондугун, ыңгайланышпагандарынын епег түшүндүрөт. Т. т-нун негизги башаты - организмдердин пайдалуу тукум куума өзгөргүчтүгү. Анын негизги жыйынтыгы – белгилүү бир чөйрөнүн шартына ыңгайланышуу. Т. т. организм формаларынын көп түрдүүлүгүн, прогресстик эволюциянын негизиукеорка улантышкан. Т. т-нун генетикалык маңызы популяцияда белгилүү бир генотиптердин сакталышы жана алардын укумдан-тукумга берилиши. Т. т. белгилүү бир феноткипке гана таасиреок экеестен, алардын тобуна таасир этет. Т. т. ыктымалдуу процессти мүнөздөйт. Т. т-нун популяциядагы организмдерге тийгизген таасири басымдуулуктун интенсивдүүлүгү деп аталат. Т. т. –жашоо үчүн күрөштүн негизинде тукум калтырууга жана жашоого жөндөмдүү болгон особдордун жыйындысынын белгилүү бир чөйрөдө жашоого жөндөмдүүлүгү.

Колдонулган адабияттар түзөтүү