Гопак (украинче гоп — бийлөө учурунда күчтүү сезим менен айтылуучу сөз) — украин эл бийи, көбүнчө эркектер бийлейт.

Гопак

Гопактын ыр түрүндөгү жана аспаптык обондору элде, о. эле муз. пьесаларда аткарылат. Гопак жанры көптөгөн орус жана украин композиторлорунун чыгармаларында пайдаланылган. Мис., Римский-Корсаков «Май түнү», Мусоргский «Сорочинцыдагы ярмарка» операларында; Соловьев-Седой «Тарас Бульба», Хачатурян «Гаянэ» балеттеринде жана симфониялык чыгармаларда, камералык, вокалдык музыкада колдонгон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.