Горельеф (французча  haut-relief – бийик рельеф) – томпок рельефтин бир түрү. Г-те түшүрүлгөн фигуралар жана предметтер тегиздиктен жарымына чейин же толук көлөмүндө чыгып турат, көп учурда алар жалпы фонго тийип же деталдарында андан толугу менен бөлүнүп турат. Орус колдонмо көркөм искусствосунда бул түрдө аткарылган иштер коргонуу деп аталып кеткен. Барельеф менен салыштыр.

Колдонулган адабияттар түзөтүү